www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларусь президенти Александр Лукашенко Кыргызстандагыдай кылып элдик кошуун түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу Sputnik Беларусь агенттиги жазды.

Мамлекет башчы шаар ичинде милиция кызматкерлерине тартипти сактоого көмөктөшкөн ыктыярдуу элдик кошуундарды түзүү тууралуу ИИМдеги жаңы кадрдык дайындоолор маалында билдирди. Тагыраагы, Юрий Караев мекеме башчылыгынан кетип, ордуна Иван Кубраков келген.

"Бизде элдик кошуундар жапа тырмак ишке кирише элек. Кыргызстанда эмне болгонун көрдүңөрбү. Башаламандыкта күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери качып кеткенде өлкөнү коргоо жоопкерчилигин ким алды? Элдик кошуундар. Алар качып кеткен милиционер, аскер, атайын кызматтагыларды кошуп алып, күчтүү элдик кошуунду түзүштү. Анан бир сутканын ичинде эле өрткө суу сээп коюшту", — деген Лукашенко.

Өлкө башчысы мобилдик отрядга мурдагы аскер кызматкерлерин, анын ичинен "афганчыларды" тартууну айткан.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости