www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Франциянын антитеррордук прокуратурасынын башчысы Жан-Франсуа Рикар Ниццада куралдуу кол салуу жасап, үч адамдын өмүрүн алган киши тунистик жаран экендигин билдирди. Бул туурасында РИА Новостиге шилтеме берүү менен "Sputnik" жазды.
Буга чейин ЖМКлар анын Францияга октябрдын башында келгенин айтышкан.
Прокуратура башчысы террорчунун жанынан 1999-жылы туулган деген жана анын атына жазылган Италиянын Кызыл Ай уюмунун документин табышканын белгиледи.
"Биздеги маалыматтарга караганда, Лампедуза аралына Италия аркылуу 20-сентябрда кирип, 9-октябрда Парижде болуп калган", — деди маалымат жыйында.
Учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыгы, анын маршруту жана шериктери болгон же болбогондугу такталып жаткандыгы айтылды. Прокурордун маалыматына караганда, террорчу буга чейин шектүү катары алардын көзүнө түшкөн эмес.
Ниццадагы кол салуу
Бейшемби күнү эртең менен эркек киши Ниццадагы Нотр-Дам чиркөөсүнө сыйынуу үчүн келгендерге кол салып, бычактап кеткен. Үч адам өлүп, бир нече киши жаракат алган.
Бир катар ЖМКлар кол салган киши экөөнүн башын кесип салганын жазды.
Ницца мэри ал кол салып жатканда "Аллах акбар" деп бир нече ирет кайталап тургандыгын айтып берген. Террорчу жарадар болуп, андан соң кармалган. Полиция аны дарылоо үчүн ооруканага жеткирген.
Франция президенти Эммануэль Макрон бул трагедияны теракт деп атады.
Окуядан кийин террорчулукка каршы пландан кийин Vigipirate операциясы Франциянын бардык аймагы боюнча иштеп баштады.
Булак: NazarNews.kg