www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларусь өлкөсүнүн президенти Александр Лукашенко жакында президенттик кызматынан кете турганын жарыялады. Мындай маалыматты «Коммерсантъ» басылмасы жарыялаган.

Лукашенко качан кетет дегендей төлгөө салуунун кереги жок экенин айткан президент: «Өтө жакында», - деп билдирген.

Лукашенко ал үчүн мурскерине байланышкан маселе эң олуттуу экенин да айтты.

«Беларусь эли кимди шайласа, ошол президент болот. Чындыгында эле ошондой. Чынын айтсам мен позициямды аныктай элекмин. Албетте, бул маселени карайм. Бул түбөлүктүү кызмат эмес да», - деген Лукашенко.

Эске салсак, буга чейин уулдарынан мураскер даярдабаганын айтканы бар.

66 жаштагы Лукашенко Беларусь өлкөсүн 1994-жылдан бери башкарып келет. 2001-2006-2010-2015-2020-жылдагы президенттик шайлоолордо жеңишке жеткени жарыяланган. Акыркы шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин Беларусь өлкөсүнүн аймагында нааразычылыктар менен коштолгон бир катар толкундоолор болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости