www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 22-ноябрда Жогорку Кеңештин “Ар кыл маселелер” саатында эл өкүлдөрү борбор калаанын экологиясын сактоо багытында сунуштары менен бөлүштү.

Депутат Марлен Маматалиев Бишкек шаарынын үстүнө уюган кара түтүн боюнча коомчулуктун тынсыздануусуна КР Өкмөтү маани берип, бир катар тапшырмаларды бергендигине токтолуп, Өкмөткө кошумча жардам иретинде өз сунуштарын дагы тизмектеди. Анын белгилөөсүндө мындан ары коомдук транспорттор үчүн бензин жана дизель майы менен жүрүүчү автобустарды алууну токтотуу керек. Ошону менен катар 6 айлык мөөнөттүн ичинде Бишкектеги коомдук автобустарды газга өткөрүүнү камсыздоо зарыл. Белгилүү бир мөөнөттөн кийин эл ташыган маршруттук таксилерди дагы газга өткөрүү керек. Мындай сунуштарын тизмектеген М.Маматалиев: “КР Өкмөтү экологияны коргоо жаатындагы дүйнөлүк уюмдар менен тыгыз кызматташып, борбор шаардагы буу казандарды электр же газ менен иштөөсүн шартташы керек”,- дейт.

Экология маселесине кайрылган депутат Дастан Бекешев бул багытта КР Өкмөтү атайын программа даярдап, тиешелүү жабдууларды сатып алабыз деген сөздөрү сөз боюнча эле калып, эч кандай иш-аракеттер байкала электигин белгиледи.

Карапайым калктын саламаттыгы үчүн таза аба, таза суу, таза тамак-аш өтө маанилүү экенин билдирген депутат Айнуру Алтыбаева бул темада “Өкмөттүк саат” өткөрүүнү сунуш кылды деп жазат Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости