www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адам пенденин турмушунда ак менен кара, жакшы менен жаман дайыма эриш-аркак жүрөт эмеспи. Коом инновациялык техникалар менен жабдылып, ааламдашуу алкагында улуу держава аталган өлкөлөр тирешип, жер шарын кыялында бөлүп алып, ар кимиси өз чөлкөмүндө жеке бийлигин жүргүзүп келет. Биз сыяктуу майда мамлекеттер “төркү үйдөгү каткырса, оозгу үйдөгү ырсаят”- таризинде күн кечирүүдө.

Карапайым калктан баштап, калайман журтка баш болгон ажобузга чейин Кыргызстандын эртеңки тагдырын, келечегин ойлоп, ынтымак-ыраашкерлик менен алдыга кадам таштап турганда, жеке кызыкчылыгын ойлогон кутумдар, көр пенделер да “өз көмөчүнө күл тартып” эл ичин бузуп, ынтымагын ыдыратып жашоо кечирүүдө.

Жалал-Абадда кадимки Камчыбек Ташиевдин эшик ырчысына айланып, Камчыбектин жугундусуна семирген бир “Арзымат” акын бар. Анын жан дүйнөсүнө  караганда таштанды таштаган контейнер да тазараак. Анын турмуштагы кредосу “акчалуунун артын тазалап акча табуу.” Ал көз көрүнөө абийирди, атакты акча менен убактылуу сатып алып жашап келүүдө. Эл сүйүп уккан эки сап ыры жок “эл акыны” болду. Жалал-Абадда маданият өңү Арзыматтын өңүндөй болуп калган. Өзү Жалал-Абад облустук Барпы атындагы театрга кирип алып, театрдын “канын соруп” күн кечирип келет.  Театр кызматкерлери аны көргөндө жийиркеничтүү мамиле жасайт. А бирок, ага баары бир. Билип туруп кутумдук кылып, бир театрды бириктирбей өз озуйпасын өтөп жүрөт. Бүгүн ал Камчыбекти унутуп, шопурдун артын тазалап калган.

Президентибиз катары менен 2016-2017-жылды “маданият” жылы деп атап, маданият кызматкерлерине басымдуу көңүл буруп келүүдө. Республиканын түштүк аймагында профессионалдык деңгээли жогору Токтосун Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясы бар. Ал филармонияны  түптөп, чейрек кылымдан бери бүгүнкү күнгө чейин өз перзентиндей асырап, ак кызмат кылып келе жаткан инсандар бар. Учурда Арзымат мына ошол филармониянын кызматкерлерин кутумдук менен экиге бөлүп, ынтымак-ыркын кетирип, четте кол чаап, билмексен болуп карап турат. Анын негизги максаты, өзү ошол филармонияга жетекчи болуп баруу. Демек, Жалал-Абад облустук филармониясы ушуну менен жок болду-деп айтууга негиз бар.

Маданият жылы демекчи, республиканын түштүк аймагына Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин атайын өкүлчүлүгү ачылып, Министрдин орунбасары деген штат каралып, ага министрдин түштүк региону боюнча орунбасары-деп бир ырчы катындын чалы дайындалыптыр-деген расмий кабар маалым болду. Өзүмбилемдик менен менен ачылган штат эмеспи..?- деп сурайлы десек, министрликтин штатын түгөлдөгөн Түкөмүн карааны көрүнбөйт. Мамлекеттин бюджети тартыш болуп, маданият кызматкерлери жарыбаган айлык акы алып, жалооруп турганда мындай бөйрөктөн шыйрак чыгаруунун эмне зарылчылыгы бар эле-деп маданият кызматкерлеринин башы маң. Андай штатты түштүккө ким ачыптыр?- деп сурасаң, элдин баары бир ооздон ШОПУР-деп жооп берет. Анткени, ошол ырчы айымдын чалы-министрдин орунбасары шопур менен бир айылдан экен. Алар Түкөңдү укмак беле!?

Жалал-Абадды Арзымат өзү билгендей тейлесе, жалпы түштүктү шопур бийлесе, мамлекеттин бүтүндүгү кайда калды?! Бул маселени Кыргыз Республикасынын премьер-министри сөзсүз көңүлгө алуусу кажет. Жалал-Абад облустук Маданият техникуму Жалал-Абаддын базарына туташып кетет. Арзымат техникумдун ажатканасын (платный) акы төлөп кире турган туалет кылып, анын кирээсин алып туйтунуп, Техникумду базарга айлантып түгөтүп бүттү. Бу түштүктөгү маданият тармагындагы маданиятсыздыкты мамлекеттик бийлик көзөмөлгө албаса, абал чындап оор. Акыйкаттык үчүн барып көргүлө атпай журттун башында турган азаматтар...

Бекжан Төрөгелдиев

Р.S.Биздин редакция кызматкерлери бул көйгөйлүү маселе боюнча жеринен барып журналисттик иликтөө жасап, жыйынтыгын окурмандарга жарыялайт.

Булак: "Жаңы ОРДО"

Последние новости