www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров бүгүн, 31-майда маалымат жыйын өткөрдү. Буга башкы прокурордун депутатты кылмыш жообуна тартуу сунушу себеп болду. Мадумаров маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө комментарий берип жатып Садыр Жапаров бийликке келген биринчи күндөн баштап пикири келишпей жатканын айтты.

"Биз Исхак Масалиев экөөбүз отурасак, келип "момундай жол менен барабыз" деди. Мен "жок, ал Конституцияга каршы келет" дедим. "Андай жол менен барсаңыздар Баш мыйзам бузулат" дедим. Мына ошол күндөн баштап экөөбүздүн пикирибиз түк дал келбейт. Булар биринчи бийликке келип, отурганда кыйшык отурушкан", - деди Мадумаров журналисттердин суроосуна жооп берип жатып.

Мадумаров Прокуратуранын ага карата Жогорку Кеңештен кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат сурашынын дагы бир себеби Конституциялык сотко кайрылганында экенин да кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости