www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Темиралы Кунашов:

Түштүк уюлдагы магниттик зонага барган советтик экспедициянын Юрий Ефремович Коршунов деген бир өкүлү жакынкы эле мезгилде Санкт-Петербургда жашаган. Бир репертерго качанкы бир экспедицияда болгон окуя тууралуу сүйлөшкөнгө насип болгон экен. Репертер уюлду изилдөөчүнүн аңгемесин жазып алса да жарыялай алган эмес. Бул мезгилде Коршунов көз жумду. Жакында эле Юрий Ефремовичтин баштан аяк болгон окуя боюнча айткандары америкалык басма сөздө жарык көрдү. Анын англисчесинен которулганын беребиз.

"Уюлдагы биз кетип жаткан күндөгү аба ырайы эң сонун болчу. Термометр бар болгону -30 градусту көрсөтүп, шамал да жок эле. Антарктида үчүн бул абдан эле сейрек көрүнүш. Биз үч жума бою бир мүнөт да машинаны оңдогонго убакыт коротпой маршрут боюнча жүрдүк. Жалпысынан баарысы эле жакшы болду. Алгачкы жаман көрүнүш биздин Түндүк уюлдагы магниттик зонаны так өлчөп аныктаган чектин дал өзүндө болду. Баарыбыз чарчаган үчүн эрте эле жатсак да, уктай албадык. Кандайдыр бир түшүнүксүз түйшөлүүдөн улам мен чатырдан сыртка чыксам, биздин вездеходдун жанынан 300 метрдей ары тарапта жаркыраган шарды көрдүм. Ал футбол тобундай болуп секирип жатат. Болгону анын чоңдугу андан жүз эсе бар. Мен кыйкырдым. Группанын баарысы сыртка чыгып келишти. Шар секиргенин токтотуп, акырын бизди карай жылды. Келе жатканда колбаса сымал формага айланды. Түсү өзгөрүп карая түштү да, алдыңкы бөлүгү көзү жок эле түрү суук шумдукка айланды да калды. Ошентсе да оозуна окшогон тешиги турат. Кар болсо "колбасанын" алдында отто эригендей шырылдап жатат. Тигинин оозу мага карап, Кудай сактай гөр, "колбаса" бир нерсени сүйлөп жаткандай түрү бар. Группанын жетекчиси Андрей Скобелевдин кыйкырганына карабай экспедициянын фотографы Саша Городецкий камерасы менен алдыга жөнөдү. "Колбасанын" алдына барбай ордунда кыймылдабай турушун эскертсе да уккан жок! Саша болсо затворун даяр кармап бара берди. А тиги нерсе... Ал ичке лентадай созулуп, формасын көз ачып жумгуча өзгөрттү. Сашаны айланта ыйыктардын башын орогон нур сымал жарык курчады. Анын аппараты колунан түшүп кетип кыйкырганы али да эсимде турат... Ушул учурда эки ок атылды. Скобелев менен менден он тарапта турган биздин врач Рома Кустов атыптыр...  Мага ок аткандай эмес, бомба жарылгандай болду. Чыккан үн ушундай болчу. Жаркыраган лента заматта жарк эткен чагылгандай туш тарапка учкун болуп чачырады. Саша болсо бүрүшүп жатат... Мен ага шып эле жеттим. Ал көмкөрөсүнөн жыгылыптыр...өлгөн экен! Мойну да, алаканы да, бели да ийилип, уюлда кийилчү атайын костюму тамтыгы чыгып бүтүптүр. Биз Мирныйдагы станциябыз менен радиобайланышка чыгышка аракет кылдык, эч байланыш болбоду. Эфирде улуган ышкырыктан башка эч нерсе угулбайт. Мен эч качан мындай болгон магниттик куюнду көргөн эмесмин! Ал үч күнгө созулуп туруп алды. Фотокамера .болсо чагылган тийгендей эрип кеткен экен. Кар менен муз лента кыймылдап турган жерде  тереңдиги жарым метрдей, эни эки метрдей арабанын  баскан салмагынан төмөн чөккөн сыңары...бууланып кетиптир. Биз Сашаны уюлда көмдүк. Эки суткадан кийин Кустов менен Борисов, андан кийин Скобелев өлдү. Биринен кийин бири... Биз кайгы тартып сыртта иштедик. Сашанын мүрзөсү калган дөбө азыр да көз алдымда турат. Эсимде... Адегенде Сашанын мүрзөсү турган дөбөдө бир шар, андан бир мүнөттөн кийин эле дагы эки шар пайда болгон. Ошол учурда биз баарыбыз эле аларды даана көргөнбүз: шарлар болжол менен жүз метр бийиктиктеги абадан уюгансып, ошондон кийин акырын түшүп келип жатышты. Жерге жетпей асылып тургандай абалда кандайдыр бир татаал траектория менен биз жакты карай кыймылдап жөнөшкөн. 

Андрей Скобелев сүрөткө тартып, мен болсо электромагниттик жана спектралдык өлчөөлөрүн алып турдум. Приборлорду машинадан жүз метрдей узагыраак орноткон элек. Кустов менен Борисов катарыбызда карабиндери менен даяр турушкан болчу. Алар болсо шарлар жаңы эле "колбасадай"  чоюла баштаганда аткылап жиберишкен. А биз эсибиз учуп нес тартып турганда, шарлар кайып болгон экен. Абада катуу мөндүрдөн кийинкиге окшош озондун жыты калыптыр. Кустов болсо Борисов менен кардын үстүндө жатат. Биз дароо эле аларга чуркадык. Кандайдыр бир жардам кылышты ойлодук. Андан кийин Скобелевге карасак,  алакандарын көзүнө басып турат. Фотокамерасы беш метр ары жакта муздун үстүндө жатыптыр. Ал тирүү калганы менен эч нерсе көрө да албай, эстей да албай калыптыр. Ал...муну азыр деле эстеген коркунучтуу...жаш эле бала. Кечирип кой, өзү менен өзү. Тамак жей албай, суюк ичкен болот деле түкүрөт. Балким, ага упчу менен тамак бериш керек болчу. Бирок, өзүңөр билесиңер, бизде упчу жок. Кустов  менен Борисовду көмө да алган жокпуз. Алдан тайып бүткөн экенбиз. Көңүлдө бир гана нерсе, тез кетиш керек! Скобелев болсо такай эле наалып ыйлап, шилекейи ага берди... Жолдо кайтып келе жатканыбызда ал да өлдү. Мирныйда медиктер аны суукка тоңуп, жүрөгүндө илдет пайда болгонун аныкташты. Бирок анчалык эмес, кандай болгондо да өлө турган абалга жеткен эмес экен. Акыры биз чындыкты айтпасак болбойт экен деп чечтик. Анткени болгон окуядан жүдөп бүткөн элек. Мен бизге ишенгендерине таң калдым. Башка айта турган ишеничтүү деле  далил жок болчу. Станциядан уюлга кайрадан жаңы программа менен экспедиция жөнөтүшкө мүмкүнчүлүк да, керектүү жарак жабдык да жок эле.

Мен 1962- жылы америкалыктарга деле бизге болгон көрүнүш болгонун түшүндүм. Эми, сиз түшүндүңүз, эмне үчүн ал жакка эч ким баргысы келбейт. Качандыр бир мезгилде ал жакка дагы барышса керек. Бирок жакын ортодо деп айта албайм. Анткени, абдан бекем коргой турган ишеничтүү жарак жабдыктар керек. А мындай жарак жабдык миллион доллар турат. Америкалыктар деле бай эмес. Алар деле антарктидалык станциясынан кайтып жатышканы маалым болуп калды. Бүгүн бизге озон тешиги деген гана негизги кызыкчылык бар.  Эгер аны такай күзөтүштүн зарылчылыгы болбосо, ал жакта киши деле калбаса керек эле.

Темиралы Кунашов

Булак: NazarNews.kg

Последние новости