www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мадумаров: Мен барына даярмын

Башкы прокуратуранын Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду кылмыш жообуна тартуу сунушу боюнча эл өкүлү маалымат жыйын өткөрдү. Ал комментарий берип жатып, барына даяр экендигин айтты.

Айтымында, ал ар дайым Конституцияны сактоону талап кылат.

"36-берене деп айтып жатабы? "Адамдын атайылап кылмыш жасаганга куралдарды же каражаттары издөөсү" дейт. Атаңдын көрү! Ушул өлкөгө 30 жыл деп айткандан бери менден артык Баш мыйзамды бузбагыла деп кыйкырбаган киши жок го дейм. Конституциялык сот дагы менчелик Конституцияга чакырбаса керек. Анан 278-берене - "Массалык башаламандыктар" дейт. Аман эле болушсун. Жараткан бар. 

Мен абаны көп жутуп же сууну көп ичип коюп атамбы? Же Бишкектин жолдорунда көбүрөөк жөө басып коюп атамбы? Эмне деген дооматы бар?

"Өздөрү Мадумаровду канча сунуш кылдык такыр болбой атат деп айтып атышпайбы, анан кантип мен бийликти күч менен басып алам? Чакырса барбаган жерге күч колдонуп барамбы?", - деди депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости