www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алтынбек Жумаев жаңы кызматка дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Жумаев Алтынбек Мусаевич Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Буга чейин Алтынбек Жумаев ушул жылдын 3-август күнү Садыр Жапаровго кеңешчи болуп бекиген. Ал буга чейин бир катар массалык маалымат каражаттарын жетектеп келген.

Жумаев төрт окуу жайын бүтүргөн: Кыргыз улуттук университетин (1991), Кыргыз-Россия билим берүү академиясын (2004), Ош мамлекеттик университетин (2017), Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын (2021) бүтүргөн. Маданият жана билим берүүнүн отличниги төш белгилери бар.

1998-жылдан УТРКда (Улуттук телерадиокорпорация) иштеген. 2005-2006-жылдары мамлекеттик аппараттын эксперти болгон. 2010-жылы «Канал D» («7-канал») телекомпаниясын негиздеген. Ал КР президенттигине талапкер Садыр Жапаровдун шайлоо алдындагы үгүт иштерин жетектеген.

2021-жылдын ноябрь айынан декабрь айына чейин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси болгон.

ЖМКлар Жумаев УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин көптөн бери өнөктөшү жана досу экенин жазып чыгышкан. Ал Жогорку Кеңештин экс-спикери Ахматбек Келдибеков менен дос. 2017-жылы аны менен биргеликте Ош шаарында НурТВ каналын ачкан

Последние новости