www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) өкүлдөрү Запорожье атомдук электр станциясына ушул аптада келет. Бул тууралуу мекеменин башкы директору Рафаэль Гроссиге шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Бул күн дагы келди. МАГАТЭнин колдоо жана жардам берүү миссиясы Запорожье АЭСине барганы жатат. Биз ушул аптанын ичинде Украинага барабыз. Украинадагы гана эмес, бүтүндөй Европадагы эң ири өзөктүк объектинин коопсуздугун камсыз кылышыбыз керек. Мен бул миссияны жетектеп жатканыма сыймыктанам", — деди Гросси.

Запорожье АЭСи Днепрдин сол жээгинде, Энергодардын жанында жайгашкан. Бул блоктордун саны жана орнотулган кубаттуулугу боюнча Европадагы эң ири атомдук электр станциясы. Март айынан бери ал орус аскерлеринин коргоосунда. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги баса белгилегендей, бул өзөктүк жана радиоактивдүү материалдардын сыртка чыгышын алдын алуу үчүн зарыл. Украин аскерлери Энергодарды, анын айланасындагы айылдарды жана шаарга чектеш Запорожье атомдук электр станциясынын аймагын такай аткылоону улантууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости