www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 28-августта Кыргызстандын Орусия Федерациясындагы элчилигинде мигранттар менен жолугушуу болуп, каттоо жана кара тизме маселеси каралды. Жыйынга жарандык активисттер, журналисттер, Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу, Кыргызстандын Орусиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Гүлнара-Клара Самат катышты. Орусияда иштеп жүргөн мекендештер буга чейин каттоого алуу, кара тизмеге түшүп калуу боюнча арыздарын көп айтып келишкен. Бул тууралуу жарандык активист Бакытбек Үсөнбаев NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди. Ал белгилегендей, бардык сунуштар менен сын-пикирлерди депутат Жогорку Кеңештин жыйынында айтууну убадалады.

«Кечээ, 28-августта Кыргызстандын Орусиядагы элчилигиндеги жолугушууга катышып келдик. Иш-чара саат 15:00дө башталып, жыйынга Жогорку Кеңештин депутаты Жусуп Коргонбай уулу, андан сырткары 30га жакын мигрант, журналисттер, консул келди. Алардын баары сүйлөшүүлөргө катышып, негизги көйгөйдү – мигранттарды каттоо маселесин талкуулашып, катышуучулар элчиге жана депутатка суроолорун бере алышты. Ачык айтышым керек, тилекке каршы, толук маалымат ала алган жокпуз. Депутат Жусуп Коргонбай уулу гана көптөгөн суроолорго так жооп берип, 1-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында бардык меселелерди көтөрүп, аларга ар тараптуу жооп алаарын убада кылды. 

Элчи Гүлнара-Клара Саматтын “кирди – чыкты” кылбагыла деген сөзү бизди көп ойлондуруп жатат. Кантип “кирди – чыкты” деген талаптан баш тарта алабыз? Эгерде мигрант маалымат базасында жок болсо, анда ал депортацияланат. Мигрант Россия Федерациясынын жаранын таап, үйүндө каттоого турса, 3 айдан кийин гана 9 айга маалымат базасына катталууга мүмкүн болот. Ушул сыяктуу көптөгөн суроолорго жооп ала албадык. Жада калса элчиликте бул боюнча толук маалымат жок. Алар берген маалымат чындыкка дал келбейт, чындык жок! Негизги көйгөй – миграция бойдон калууда. Кыргыздар азыр Орусиядан "кирди-чыкты" талабы үчүн суудай агылып кетип жатышат. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мигранттарга кайрылып кетет элем. Убакыттан пайдаланып "кирди-чыкты" маселесин чечип, документтерин жөнгө салып алышса. Россия Федерациясынын мыйзамы өзгөрбөй, күчүндө калууда», - деп белгиледи Бакытбек Үсөнбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости