www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Донецк жана Луганск республикаларынын жана Украинанын Орусиянын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирбеген жарандарын РФ аймагынан депортация кылып же чыгарып салууга болбойт. Бул туурасында Орусия президенти Владимир Путин кол койгон жарлык укуктук маалыматтардын порталына жайгаштырылган.
"Донецк жана Луганск республикаларынын жана Украинанын жарандарына карата Россия Федерациясынын аймагынан администрациялык чара менен чыгарып салуу, депортация кылуу, РФке кирүүгө уруксат бербөө боюнча же аталган аймакка келбеши керек деген чечимдер кабыл алынбайт. РФте жүрүү мөөнөтү да кыскартылбайт", — деп айтылган документте.
Жарлык абакта отуруп чыккандарга же Орусиянын улуттук коопсуздугуна коркунуч жарата тургандарга, террордук ишмердүүлүктү колдогондорго, коомдук коопсуздук менен тартипти бузгандарга тиешелүү эмес.
Бул документ менен президент Донецк жана Луганск республикаларынын жана Украинанын жарандарына Орусияда мөөнөтсүз жүрө берүүгө мүмкүнчүлүк түздү. Бирок алар милдеттүү түрдө мамлекеттик дактилоскопиялык каттоодон өтүшү, сүрөткө түшүшү, баңгизаттарын колдонбогондугун ырастаган медициналык тастыктама тапшырышы керек.
Эске салсак, Донбасс республикаларынан элди жапырт эвакуациялоо февралда кырдаал курчугандан кийин башталган. Андан көп өтпөй эле Орусия Донецк жана Луганск республикаларынын көз карандылыгын таанып, ал эми 24-февралда Украинаны демилитаризация жана денацификация кылуу боюнча атайын операция башталган.
Булак: NazarNews.kg