www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Махмудов Бишкектеги рейтингдик турнирде коло алды

Кыргызстандык балбан Бексултан Махмудов Бишкекте өтүп жаткан Бириккен күрөш уюмунун (UWW) рейтингдик турниринде коло байге утту.

Спортчу 97 килограмм салмак категориясында беттешти. Алгач кытайлык балбанга 1:1 эсебинде жеңилген. Ал эми жубатуучу беттеште башка кытайлык балбанды уткан. Коло байге үчүн кармашта казакстандык балбанды жеңген.

Белгилей кетсек, Бексултан Олимпиаданын күмүш байге ээси Акжол Махмудовдун бир тууган агасы.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости