www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Поп-музыканын паашасы Майкл Жексондун атасынын протез тиштери аукциондо сатылды. Лоттун алгачкы баасы 200 фунт стерлингди (20 миң сомдон ашык) түзгөн. Бул тууралуу The Mirror басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, протез тиштен сырткары сатыкка Жо Жексондун 60 буюму коюлган. Анын ичинде жеңил бут кийими, күмүш менен шөкөттөлгөн күрмөсү жана колу коюлган сүрөттөрү бар.

Мындан тышкары, аукционго ырчы Майкл Жексондун канынын изи калган капельница да коюлган. Медициналык жабдуу ырчынын өмүрүнүн акыркы күндөрү колдонулган. Жексондун туугандары ырчы каза болордо колунда дал ошол капельница турганын айтып, анда аткаруучунун ДНКсы калганын кошумчалашкан.

Белгилей кетсек, Майкл Жексон — тарыхтагы эң атактуу жана элдин сүймөнчүлүгүнө арзыган ырчы. Гиннестин рекорддор китебине 25 жолу катталган жана "Грэмми" сыйлыгына 15 ирет татыган. Легендарлуу артист 50 жашында, 2009-жылы каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости