www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоо бүткөнгө чукулдап калды  спикер ким болот?

Биздин шайлоо бүтөр менен дүйнө оор нерсеге чулганышы мүмкүн. Бул оор кырдаалдан кимибиз тирүү калабыз, кимибиз коштошобуз ким билет. Анткени, оору карыны да,жашты да, кызматты да ылгабай калды. Парламенттик шайлоо бүтөрүнө аз калды. Мыйзам боюнча ким болсо да 120 депутат ордун ээлейт. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Мыйзамдар тиешелүү чыга берет, анан ким келсе да спикерин шайлашы керек.

Замана кандай кары,кандай керең,

Закымдап учкан сайын түбү терең.

Жетинчи чакырылышка «спикер»  издеп,

Нуржан.Ш парламентке  келет экен.

 

ЖКны кыңк эткизбей башкарууга,

Баш болуп парламентке  жаш, карыга.

Ишенген өз күчүнө депутаттар,

Келсин  деп өзүн-өзү сындатууга.

 

Текебаев спикерге «дед» карап-карап,

Кеп жебес  депутаттарды бирден санап.

Эскерип өз убагын  «самоотвод» деп,

Тизмеден өзүн-өзү чийип салат.

 

Сынга эч толбоймун деп жүрөк даабай,

Келе албай турган экен депутат далай.

Шарт эле жөнөйт экен угар менен,

Исаев таланты зор, заади малай.

 

Нуржан.Ш сынап аны минтип айтат,

Жүрөгү арстандан кайра тартпайт.

Колу ачык, жоомарт экен чачып элге,

Жүргөнү Шабдан сымал дайым шарт-шарт.

 

А БИРОК… кошомат чоң илдет экен,

Калп-чынды кошуп кээде ийлейт экен.

Чокчоңдоп колунда жок адамдарга,

Чоңдорду көрсө эле бийлейт экен.

 

Нуржан.Ш байкап аны жактырбаптыр,

Хандыкка Исаевди чакырбаптыр.

Манаптан киши жокпу эл-журтта деп,

Микрофон алып Нукең бакылдаптыр.

 

Эл-журтту байкай анан сынай карап,

Тактынын көздөй жыла жөнөй калат.

Жапыкеев кыргыз манабынан,

Депутаттарды жиберчүдөй барын сабап.

 

Нуржан.Ш карап аны сынайт экен,

Жаактууга сөз бербеген абдан чечен.

Парламент ишенимин актай алат,

Манапча айткан сөзгө өзү бекем.

 

Тил менен туурасынан жаткырат дейт,

Мыйзамды издеп жүрүп таптырат дейт.

Милдети шайлоо болоор убагында,

Миңдерди акчасына бактырат дейт.

 

Спикер болсо жайлайт тилин тосуп туруп,

Буйрукту берет үнүн созуп туруп.

А БИРОК… өлкөнү бүт сатып ийер,

Байкатпай мыйзамына кошуп туруп.

 

Деп  Нукең айтат экен карап даана,

Жапыкеев такка чыгып баратканда.

Нуржан.Ш Жапыкеевди, шак ойлонуп,

Жөнөтөт жөн эле болсун деп карап даана.

 

Борончу чыгат экен элге карап,

Боорсоктой жаңы бышкан өңү жарап.

Еврей кире качаар тешик таппай ,

Эгерде такка отурса  «суперсаяк».

 

Нуржан.Ш баалайт экен оюу кенен,

Борончунун спикер болууга жолу кенен.

А БИРОК…кантип аны спикер кылабыз?

Койтойгон кичинекей боюу менен.

 

Деп сынчы кодоосуң деп жактырбаптыр,

Тактыга Борончуну жактырбаптыр.

Боюу узун барбы адам эл-журтта деп,

Нуржан.Ш элге чыгып бакылдаптыр.

 

Мадумаров көп жылдары алган атак,

Спикер болормун деп кылат чатак.

Ким бар деп спикер болууга менден башка,

БШКны кирген экен сөзгө матап.

 

Тамагын гилас менен майлап койгон,

Тагдырын бийлик жакка байлап койгон.

Каркырада капканына түшкөндөрдү,

Кайын-журт калыңы деп жайлап койгон.

 

Боюу бар, боюна чак салмагы бар,

Сөзгө бай, Өзгөн деген аймагы бар.

Нуржан.Ш баасын берет Мадумаровго,

Сөзүндө сүтү эмес, каймагы бар.

 

А БИРОК…Адакең динди кармабаптыр,

Харамбы, халалбы деп тандабаптыр.

Чочкону койдой союп шорпосуна,

Жүз грамм арак кошуп жалмалаптыр.

 

Деп Нуржан.Ш Адакеңдин бактысына,

Кубалап түшөт экен тактысынан.

Шарият жолун туткан бар бекен деп,

Жар салып чакырат дейт сакчысынан.

 

Чыгат дейт  “Маянечил” Дастан молдо,

Оо, кудай мына эми өзүң колдо.

Келтирип улам-улам дин келмесин,

Тактыга бара жаткан кыска жолдо.

 

БШКга Дастан молдо жагыптыр дейт,

Кунт коюп өтө көңүл салыптыр дейт.

А БИРОК… жаратпаптыр Шакисине,

Мурдунан жетелетип калыптыр деп.

 

Дастандын Шаки менен тандеми бар,

Экөөнүн билбейм кандай мандеми бар?

Келет дейт коррупцияны коколойм деп,

“Бүтүн Кыргызстанда” бүркүп салар ал деми бар.

 

Катани спикер болууга жарар эле,

Өзгөчө депутаттарды  багар эле.

Түбүнө жердин чукуп кирсе дагы,

Коррупционер кишилерди табаар эле.

 

А БИРОК…дайым болуп бийлик бута,

Спикерликти алалбайт го эми ута.

Акчасын ресторанга бүт которуп,

Катанинин чөнтөктөрү абдан жука.

 

Жулунуп депутатты бирден жөөлөп,

Айкырып кээде эшекче, кээде мөөрөп.

Чөнтөккө доллар, евро салып алып,

Култуңдап Курманов калат жөнөп.

 

Кудум да өзү үйрөткөн мектеп анык,

Нуржан.К Зайнидинди  беттеп алып.

Шолоктоп жашын төгүп ыйлап ийет,

Бала кез мөөрөгөнүн эстеп алып.

 

Бир өзү  Миң-Куш, Чаек, Араванда,

Жарайт го спикерге такка даана.

А БИРОК…көргүлүктү көрөсүңөр,

Кокустан бийлик тийсе маңкаларга.

 

Деп сынчы Курмановду маңкасың деп,

Тапкыла мурду бүтүн башкасын деп.

Турганда байлык ээси Бабанов келет,

Кочкордой тумшук кантип жакпасын деп.

 

БШК айтат мурдун абдан сыйлаймын мен,

ЖКга аны сөз жок спикер кылар элем.

А БИРОК… Жерүй кенин жеп жиберди,

Үйүнөн эки кадам жылаар менен.

 

Деп сынчы кубалаптыр «соргоксуң» деп,

Жегенди эми дагы койбопсуң деп.

Аңгыча   келет экен Жамангулов

Жаш элем бирок кудай колдосун деп.

 

Жүрүшү улам башка, улам ар ким,

Таптаса чыгар эле андан балким.

Сталиндей режим куруп беремин дейт,

Тургансып бет алдыңда Иосиф «Палкин».

 

А БИРОК… кадыр-баркын жоготобу?

Спикер болуп тапканын бүт коротобу?

Далайга башы бышкан «дед» депутаттар,

Жамангуловду «молодой» деп тоготобу?

 

Деп БШК аны дагы жактырбаптыр,

Тактыга барбы ким деп бакылдаптыр.

Таздарга сыным өтпөйт, көз тиет деп,

Сындоого Алтыш тазды чакырбаптыр.

 

Эркек жок бир топ убак турат экен,

Жулунуп Клара сулуу чыгат экен.

БШКнын шарт жүрөгү болк дей түшөт,

Сулууну сырдуу карап сынайт экен.

 

«Сулуусуң айтып бүткүс сулуулугуң,

Айтайын денеңдин да жылуулугун.

А БИРОК… көтөрө албайт парламент чын,

Тилиңдин заардуулугун, уулуулугун».

 

«Чык эшикке, барыңарды урбайм»-деди,

«Керек болсо сөзүмө турбайм» -деди.

Оштонуп келер менен Бакиров.М,

«ЖКны кайрадан курбайм» -деди.

 

«Парламент демократиялуу, заман тунук,

Мыктылар келди мына буттан туруп.

Айлыгын депутаттын көбөйтөм деп,

Анткени депутаттын бары улук».

 

Деп Мирлан спикердин жайын мактай,

Турганда депутаттын санын тактай.

Чагылган «чарт» дей түшүп БШКны,

Тургандар бир заматта калды таппай.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости