www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Майып кызды сабады деген таенеси өзүнүн пикирин билдирди

Социалдык тармактарга Алтынбек Артыкбек уулу аттуу жаран бир тууган карындашыма таята, таенеси зомбулук көрсөтүп жүрөт деген видеону ЖМКларга тараткан болчу.

Кызды сабады деген таенеси айрым маалымат булактарына төмөндөгүдөй маалымат берген. 

--"Кызды 3 жашымдан бери багып келе жатам. Шаардан агасы келип, алып кетем деди. Ошондон улам уруш чыкты. Эми кетип каяка барат, мен багып келе жатам. Алып кетем деген неберемди дагы мен баккам. Мен "үй салдыңбы?" деп сурасам жок дейт. Батирде жашайм, ошол жакка кызды алып кетем дейт. Эми ойлосоңор, кыздын буту баспаса, батирде жашаса, аны кантип багат? Анын булганган кийимдерин ким жууйт? Мен бербейм дедим. Кызым өлгөндөн кийин ушул неберелеримди эмне деген азап менен бактым. Эмне деген кордукту көрдүм.

Төрөлгөндө эки буту баспай төрөлгөн. Өмүр жашын Кудайдан сурап жүрүп бактым, булардын кир-коогун жууганым канча. Кыздын агасы милицияга арыз жазыптыр. Милицияга барып кеч келдим. Эртең дагы барам. Биз неберебизди урганыбыз жок. Ошол окуяда агасынын көзүнчө эмне кетем дейсиң деп эле чапкам. Аны чапкан эмесмин дебейм. Шаарга барса, батирге жашаса, эртең эле аны түртүп чыгарып коюшат. Ошол үчүн бербейм деп жатам. Ушундай азап менен баксам, эми көргөн кордугум бул", - деген кыздын таенеси.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости