www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бокс боюнча мурдагы абсолюттук дүйнө чемпиону Майк Тайсон мексикалык Сауль Альварес менен америкалык Дэвид Бенавидестин ортосунда боло турган беттеш тууралуу пикири менен бөлүштү. Бул тууралуу "Чемпионат" басылмасы жазды.

"Мага Бенавидес жагат. Менимче, ал дивизиондо каалаган адамды жеңе алат деп ойлойм. Мага Канело да жагат, бирок ал Дэвидди жеңе албайт деп ойлойм. Анын убагы өтүп кетти деп айтса болот. Андан тышкары, менимче, Бенавидес Канелону жеңген жигитти – Дмитрий Биволду да жеңе алгандай сезилет”, - деди Тайсон.

Жарым оор салмактагы WBA чемпиону Дмитрий Биволдун машыктыруучусу Геннадий Машьянов MMA.Metaratings.ru сайтына берген маегинде Тайсондун сөздөрүнө жооп кайтарды.

"Каалагандай сүйлөй берүү мүмкүн. Бирок кимдин ким экенин ринг гана көрсөтөт. Мен Бенавидес Канелодон күчтүү деп ойлобойм. Ал техникалык жана тактикалык жактан бир топ чектелүү. Анын бокс боюнча IQ деңгээли төмөн. Андыктан Дэвид бир гана Дмитрийге эмес, Альвареске да утулат деп ишенем”, - деп билдирди Биволдун устаты.

32 жаштагы Бивол акыркы жолу 2022-жылдын ноябрында беттешип, мексикалык Гилберто Рамирести бир добуштан жеңген. Ошол жылдын башында Бивол Сауль Альварести да жеңген. Бул эки жеңиш Дмитрий Биволго эң абройлуу басылмалардын, анын ичинде The Ring журналынын жана Американын бокс жазуучуларынын ассоциациясынын (BWAA) версиясы боюнча жылдын мыкты мушкери наамын алып келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости