www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Үч-Коргондо 50 млн сомго жаңы оорукана курулуп жатат

Баткен облусунун Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы жаңы оорукананын курулушун ушул жылдын 31-августуна чейин бүтүрүү пландалууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, министр Гүлнара Баатырова Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Үч-Коргон жалпы дарыгерлер практика борборунун жаңы имаратынын курулушу менен таанышты.

Үч-Коргон жалпы дарыгерлер практика борборунун жетекчиси Орозбек Муратовдун айтымында, жаңы имаратта балдар жана балдардын жандандыруу бөлүмү, кеңеш берүү жана диагностикалык бөлүмдөрү жайгашкан. Курулушка жалпысынан 50 млн сом бөлүнгөн. Оорукананын имаратын Эгемендүүлүк күнүнө карата бүтүрүү пландалууда.

Министр эне жана баланын ден соолугу Саламаттык сактоо министрлиги үчүн эң артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгилеп, жаңы имарат ишке кирсе жаш балдарга жакшы шарттар түзүлөөрүн айтты.

Андан сырткары министр оорукананын жакында эле ачылган жандандыруу бөлүмүнүн ишмердүүлүгү менен таанышып, бөлүмдөрдү кыдырып, жасалган иш аракеттер үчүн жамаатка жана жетекчилигине ыраазычылыгын айтып, ийгилик каалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости