www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук шайлоо комиссиясы 16-ноябрда «Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы, Сузак жана Ноокен райондорундагы айрым шайлоо участокторунун даректерин өзгөртүү жөнүндө” токтом кабыл алды.
Төмөнкү шайлоо участокторунун даректери өзгөрдү:
- Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын № 2211 шайлоо участогу З.Кутманова көчөсү, 20 дарегинде жайгашкан Ю. Гагарин атындагы № 4 орто мектебинен З. Кутманова көчөсү, 19 дарегинде жайгашкан № 5 “Рахат” бала бакчанын имаратына өзгөртүлдү;
- Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын Сары-Бээ айылындагы № 2216 шайлоо участоктун дареги Карл Маркс көчөсү, 11 дарегинде жайгашкан № 3 орто мектебинен Сары-Бээ айылындагы Клубная көчөсү, 8 дарегинде жайгашкан № 5 “Гаухар” бала бакчасынын имаратына өзгөртүлдү;
- Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн Төш айылындагы Тагаев көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан № 68 Т.Сартбаев орто мектебиндеги № 2001 шайлоо участкасынын дареги Төш айылындагы Төш көчөсү, 137 дарегинде жайгашкан Ак-Сай атындагы № 92 жалпы билим берүү мектебине өзгөртүлдү;
- Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Жалгыз-Жаңгак айылындагы Султанов көчөсү, 22 дарегинде жайгашкан Б.Төрөгелдиев атындагы мектебиндеги № 2414 шайлоо участкасынын дареги Жалгыз-Жаңгак айылындагы Р.Санатбаев көчөсүндө жайгашкан С. Казакбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин имаратына өзгөртүлдү;
- Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү-Достук айыл аймагындагы Достук айылындагы Абдувахапов көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан Достук маданият үйүнүн имаратындагы № 2203 шайлоо участогу Достук айылындагы Токтогул көчөсү, 19 дарегинде жайгашкан № 21 Фуркат атындагы орто мектептин жаңы имаратына өзгөртүлдү;
- Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Д. Садырбаев айыл аймагынын Масы айылындагы Турдумбетов көчөсү, 50/1 дарегиндеги Ж.Бөкөнбаев атындагы № 1 орто мектебинин имаратында жайгашкан № 2170 шайлоо участогу Масы айылындагы И.Турдумбетов көчөсү, № 55а дарегинде жайгашкан Масы спорт мектебинин имаратына өзгөртүлдү.
Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясына Майлуу-Суу шаарынын мэриясы, Сузак аймактык шайлоо комиссиясына Кара-Дарыя жана Көк-Арт айыл өкмөттөрү, Ноокен аймактык шайлоо комиссиясына Бүргөндү-Достук жана Д. Садырбаев айыл өкмөттөрү менен биргеликте шайлоочулар арасында шайлоо участокторунун даректери өзгөргөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.