www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Май айындагы майрамдарды утурлай өлкө боюнча балдар үчүн кыска мөөнөттүү медициналык жардам көрсөтүү бөлүмдөрү күнү-түнү иштөө режимине өттү. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ооруканага жаткырууну талап кылбаган балдарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн өлкө боюнча 64 ооруканада атайын пунктар түзүлдү, аларда дарыгерлер майрам жана дем алыш күндөрү үзгүлтүксүз кеңеш берип, диагностика жана дарылоо жүргүзүшөт.
Ата-энелер үчүн маанилүү маалымат:
- кыска мөөнөттүү пунктар медициналык жардам көрсөтүү, баланын абалын турукташтыруу жана андан аркы дарылоону аныктоо үчүн иштейт;
- бул бөлүмдөрдө ооруканага жаткыруу үчүн дарыгердин жолдомосу талап кылынбайт;
- бул бөлүмдөрдө көрсөтүлүүчү медициналык кызматтар, анын ичинде диагностикалык изилдөөлөр акысыз. Бейтаптарга ошондой эле зарыл болгон дары-дармектер берилет;
- эгерде бала андан ары (узак мөөнөттүү) дарылануу үчүн ооруканага которулса, 6 жашка чейинки балдар кошумча төлөөдөн бошотулат (жеңилдик категориясы); 6 жаштан 18 жашка чейинки балдар орточо кошумча төлөмдү оорукананын кассасына төлөшөт;
- медициналык жардам жана зарыл болгон сунуштар алынгандан кийин, баланы андан ары дарылоо жана байкоо үйдө педиатрдын же үй-бүлөлүк дарыгердин көзөмөлүндө улантылышы мүмкүн.