www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Кытайга Орусия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү жеңилдете турган план менен кайрылууга ниеттенүүдө, деп жазат Bloomberg басылмасы.

Макрон буга чейин өзүнүн тышкы саясат боюнча кеңешчиси Эммануэль Боннго Кытайдын башкы дипломаты Ван Иге Москва менен Киевдин келечектеги сүйлөшүүлөрүнө негиз боло турган алкактык программаны иштеп чыгууну тапшырган.

Макрондун стратегиясы Орусия менен Украинанын сүйлөшүүсү, эгер баары планга ылайык болсо, ушул жылдын жайында болоорун болжолдойт.

Франциянын тышкы иштер министри Кэтрин Колонна да 16-апрелде Украинадагы жаңжал боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнө кайтуу үчүн эл аралык коомчулук бардык шарттарды түзүшү керек деп билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости