www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө француз президенти Кытай тарап Орусия менен Украинаны сүйлөшүү үстөлүнө кайтууга көндүрө алат деген үмүтүн билдирди. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

«Орусиянын Украинага басып кириши эл аралык стабилдүүлүккө сокку урду. Мен Орусияны акылга келтирип, эки тарапты сүйлөшүү үстөлүнө отургузушуңузга ишене аларымды билем”, - деди Макрон.

Си Цзиньпин бүткүл дүйнө учурда терең тарыхый өзгөрүүлөрдү баштан кечирип жатканына макул болуп, бирок Кытай менен Франция БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрү катары бүткүл дүйнөдө стабилдүүлүктү сакташы керектигин билдирди.

Эммануэль Макрон Кытайга 5-апрелде келген. Иш сапар 7-апрелге чейин уланат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости