www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КРнын Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев коррупция менен болгон күрөштү колдойт жана пара алган кызматкерлер мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылуусу керек деп эсептейт.
Транспорт жана коммуникациялар министри УКМК тарабынан кармалган 13 кызматкер тууралуу билдирүү жасады.
- Мыйзам баарына бирдей! Транспорт жана коммуникациялар министрлиги коррупция менен болгон күрөштү колдойт жана пара алган кызматкерлер мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылуу керек деп эсептейт.
Биздин министрлик ачык-айкындуулукту жана коррупция менен аёосуз күрөшүү жолун улантат. Министрликтин репутациясына доо кетирген жана берилген милдеттерин так аткарбаган кызматкерлердин ордуна кесипкөй адистер алынып турат.
Буга чейин Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Кара-Көл шаарындагы салмак-габаритти көзөмөлдөө постунда туруктуу коррупциялык схема аныкталып, аталган министрликтин 13 кызматкери кармалганы кабарланган.
Булак: NazarNews.kg