www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы күнү, 4-апрелде, Биринчи май сотунун судьясы Адылбек Эсенбаев «Акнет» компаниясынын негиздөөчүсү Кубан Ажимудиновду 7 жылга кести. «Акнет» менен кошо иштеген «Стройсеть» ишканасынын бухгалтери Ирина Лященко 6 жылга кесилди. Өлкөнүн күч түзүмдөрү «Акнетти» рейдерлик жол менен басып алууну 2018-жылы баштаган жана алардын кара ниет иши аяктап калды.
Күч түзүмдөрү жакшы киреше тапкан компанияларды басып алып, карактайт, бийлик болсо мындай кыянаттыкты токтоткондун ордуна, ага көз жумат, анткени аларга да жем берип коюшат. Жеке менчик компаниянын ичинде кайсы бир араздашуу чыкса, анын баары жарандык сотто чечилсе болмок, бирок «Акнетке» салыкчылар дагы, Эсеп палатасы да жиберилген.
Төлөнбөй калган салык тууралуу маалыматтар чын болсо, ал акчаны «Акнеттин» банк эсебинен алып, мамлекетке которуп койсо эле болмок, бирок алар ал каражатты дагы билгениндей пайдаланып, жолтоо болбосун деп Ажимудиновду да камап жатат. Ал ортодо коррупциялашкан чиновниктердин пропагандасын тараткан журналисттер дагы чыгып, кыянаттыкка кошулууда.