www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мароккодо Франциянын президенти Эммануэль Макрондун Марокко парламентинде сүйлөгөн сөзүндө Палестинанын каршылык көрсөтүүсүн сындаганына нааразылык билдирилип айыпталды. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты.
Марокконун Палестинаны колдоо фронту уюштурган митингде ондогон марокколук, Франциянын Касабланкадагы башкы консулдугунун алдына чогулду.
Күч түзүмдөрүнүн алдын алуу аракетине карабастан демонстранттар Макрондун билдирүүлөрүнө каршылык көрсөтүштү.
Митингчилер, «Синвар керээз калтырды. Доодон баш тартпайбыз», «Палестина аманат, нормалдашуу (Израиль менен) чыккынчылык» жана «Эй Макрон... Палестина биздин көзүбүздүн кареги» деген ураандарды чакырып Макрондун билдирүүлөрүн айыптагандарын жана Газа менен тилектештикте экендиктерин баса белгилешти.
Франциянын президенти Макрон 29-октябрда Марокко парламентинде сүйлөгөн сөзүндө ХАМАСты "террорчу" жана "варвар" деп сыпаттаган.