www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Конституциялык реформа - бул мезгилдин жана элдин талабы",-дейт вице-премьер-министр Максат Мамытканов. Бул тууралуу ал бүгүн Конституциялык реформаны талкуулаган тегерек столдун жүрүшүндө билдирди.

Анын айтуусуна караганда, элдин алдында чоң тандоо турат: башкаруунун кандай формасын каалашат.

«Кыргызстан супер президенттик да парламенттик да башкарууну көрдү. Биз элге тандоо мүмкүнчүлүгүн беришибиз керек. Дал ушул Конституция бизди азыркы күнгө алып келди. Конституциялык реформа - элдин талабы. Таза шайлоо да элдин талабы. Эл тандайт, ошондуктан да биз бүгүн референдумга баруу керектигин айттык», - деди Мамытканов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости