www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичтин Ош облусуна болгон жумушчу иш сапарынын жүрүшүндө, Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагында жашаган жаран Рахматилла Максутовдун атынан анын эжеси кайрылуу жасап, 2020-жылдан тартып «Сары-Таш» кенин иштетүүдө Эргешев Эмирбек Бакытович биргелешип иш алып барып, тиешелүү үлүш пайданы бербей койгондугу тууралуу арызданган.
Мына ушул маселеге байланыштуу кенди иштеткен «Туз-Бел Таш» ЖЧКсы чыныгы жагдай тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди.
Президент Жапаров Садыр Нургожоевичге кайрылган маселеге байланыштуу иш 2026-жылы Рахматтила Максутовдун арызынын негизинде Кыргыз Республикасынын ИИМинин Тергөө кызматы тарабынан текшерүүгө алынып, 2026-жылдын 1-мартында сотко чейинки алгачкы териштирүү иши башталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталгандай, Жалпак-Таш айыл аймагындагы кен чыккан участок «Туз-Бел Таш» ЖЧКсына 2014-жылдан 2033-жылга чейин мыйзамдуу негизде пайдаланууга берилген жана тиешелүү лицензиясы бар. Аталган кенди иштетүү лицензиясынын ээси Кожомкулов Кубанычбек Бурканович болуп саналат.
Бирок, Р.Максутов жана туугандары тарабынан кенди иштетүүгө ар кандай тосколдуктар, басып алуу, коркутуулар болуп, кендин ошол жер тилкесин иштетүүгө мүмкүнчүлүк берилбей, башка шарт болбогондон кийин 2022-жылы Р.Максутов тарабынан үлүштүк негизде биргелешип иштөө сунушталып, аргасыздыктан улам тараптар ортосунда оозеки келишим түзүлгөн. Бул келишим Кожомкулов Кубанычбек Бурканович менен Рахматилла Максутовдун ортосунда түзүлүп, үлүштөрдү бөлүштүрүү маселеси толугу менен ушул тараптарга тиешелүү болгон. Эргешев Эмирбек Бакытович аталган ишмердүүлүктө кенди казуу же үлүшкө катышуу жагынан эч кандай роль ойнобогон, ал болгону «Сары-Таш» кенинин продукциясын Кожомкулов Кубанычбектен сатып алуучу катары иш алып барган. Ошондуктан, кенден түшкөн пайданы бөлүштүрүү маселелерине анын тиешеси жок болгон.
Мындан тышкары, Р.Максутов тарабынан көрсөтүлгөн үлүштөн түшкөн продукция анын жеке милдеттенмелерине байланыштуу үчүнчү жактар тарабынан алынып турган. Бул боюнча далилдер бар. Учурда кен иштетилип бүткөн. Натыйжада тараптар Кожомкулов менен Максутов өз ара милдеттемелери аяктагандыктан, бири-бирине ыраазы болушуп, ишти жыйынтыкташкан. Төрөбаевдердин үй-бүлөсү бул ишке аралашкан эмес.
Жыйынтыгында, 2026-жылы жүргүзүлгөн алгачкы териштирүүнүн негизинде Рахматилла Максутов тарабынан коюлган дооматтар ырасталган эмес жана Эргешев Эмирбек Бакытовичтин бул ишке тиешеси жок болгондуктан кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган.
Демек, Р.Максутов 2026-жылы акча өндүрүү максатын көздөп жогорудагыдай негизсиз дооматтарды коюп жатканы акыйкатсыз экенин белгилеп коюу парз.
Себеп дегенде, Президентибиз Садыр Нургожоевич ишкерлерге тосколдуктарды жартапай шарт түзүп берүү, аймактардын экономикалык өнүгүшүнө салым кошуп жаткан өндүрүштү колдоо багытындагы саясатына, Рахматилла өңдүү жарандардын саботаж кылуусуна жол берилбеши керек. Дегенибиз, айрым топтордун, жеке мүдөөөсүн көздөгөн адамдардын интригалары мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору турбашы зарыл.