www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азыркы бийликтин тушунда блогерлер менен фейк-троллдордун баркы катуу өстү. Мактап акчага маарыймын же каралап капчыгымды калыңдатам деп жан баккандар коомдук "пагодо" жасап калат деп ким ойлоптур?..
Арийне, блогерлер жамандыр-жакшыдыр өз жүздөрү менен чыгышып, карманган багыты, билими, деңгээл-дараметине жараша коомдогу көйгөйлөрдү чагылдырып келишет. Ошондой атайын тапшырма аткарышып кимдир бирөөнү сындап же макташат. Натыйжада, аткарган же жазган ишине байланыштуу мактоого арзыганы да, сынга алынганы да бар.
Бирок биздин айтайын дегенибиз башка. Мына учурда социалдык тармактарда фейк-тролл болуп акча тапкан көрүнүш кадимкидей эле кесиптин бир түрүнө айланды. Бул "кесиптин ээлеринин" негизи аткарган жумушу атайын тапшырма менен бирөөлөрдү болушунча каралап, суу кечпеген ушактар менен жаманатты кылуу, же тескерисинче айга-күнгө теңеп даңазалоо. Колу жооруп, бели ооруп мээнет кылбай эле ар кимди каралап же мактап акча табышат. Ал үчүн атайын фейк-троллдордун адистешкен топтору иштейт. Азыркы бийликтин тушунда мындай топтор кадыресе суроо-талап жараткан көрүнүшкө айланып калды.
Фейк-троллдор акчасыз иш кылбайт. Көбүнчө алар бийликтин позициясын жактаган саясий өңүттө атайын команда менен иш кылышат. Бийликтин позициясын мактап көкөлөтүшөт, сын айткандарды жерге тепсеп каралашат.
Акчага жалданган фейк-троллдордун мээси, акылдары бири жаманатты кылып пост жазып, калганы чуулдап бөлүшүп, каралап комментарий жазганга гана жетет. Эмне жазып жатышканын өздөрү деле түшүнүшпөйт. Фейк-троллдордун командири берген «фас» деген буйрукту аткарышып, көрүп-көрбөй үргөн үйгүшкөн иттердей эле арсылдашат. Буларды башкача сүрөттөө мүмкүн эмес.
Албетте, фейк-троллдор бийликтин позициясын коргоп, кадырын көтөрө албайт. Коомчулук дароо эле алардын максатын, багытын аңдап, байкап коюшат.
Ошондуктан, алар кожоюндары тарабынан берилген буйрукту канчалык жан дилин төшөп, берилип аткарышканы менен бул кылык-жоруктары аркылуу бийликтин ишин шалга айлантат. Анткени, былгытма, иритме, сасык, жугунду куйган саясат аброй алып келбейт. Ушуну бийлик башындагы төбөлдөр түшүнбөй жатканы өкүндүрөт. Өзгөчө өлкө башчысы көңүл бура турган жерде...
Булак: NazarNews.kg