www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн саныбызда эле темир сатып байыган Руста Маманов түштүктөн чыккан, элге төбөсү көрүнгөн аткаминерлерди көрө албай, тымызын жаманатты кылып, аброюн кетирүүнү адатка айлантып алганын жазган элек. Буга дейре Алтынбек Сулаймановду «шоопурум» деп беделин түшүрүүгө аракет кылган.

Эми болсо Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Азис Турсунбаевди «көөлөп», «100 миң доллар карыз алып бербей жүрөт» – деп көрүнгөн жерде жамандап жүргөнүн басма булактары жазып чыгышты. Сыягы Маманов жаман оюнда түштүктө өзүнөн башканын баары жаман, өзү гана периштедей ак, элдик киши окшойт.

Ушунчалык дагы ичи тар, көрө албас болобу? Аты чыгып, элге төбөсү көрүнгөндөрдү тизеге чаап, менден озуп кетпесин дегендей котур ташын койнуна каткан жоругун таштабаса, өз башына муш болуп тийип, абийири төгүлөөрүн эске албай жаткан өңдөнөт…

Булак: Фабула

Последние новости