www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Афганистан менен чек араны тынбай чыңдаш керек», - деди бүгүн, 23-июлда NazarNews маалымат агенттигине экс-губернатор Мамат Айбалаев.

- Мамат агай, Борбор Азия «Талибан» менен сүйлөшүүгө аргасызбы?

- Борбор Азияда жайгашкан өлкөлөрдүн бийлиги «Талибан» кыймылы менен сүйлөшкөнү абдан туура болду. Ошондой эле Россия федерациясы «Талибан» кыймылынын жетекчилерин Москвага чакырып, сыйлап сүйлөшкөнү колдоого татыган жакшы иш болду. Жыйынтыгында алар коңшу өлкөлөргө кол салбайбыз деп убада беришти. Бул өтө жакшы жыйынтык болду.

- Алар сөзүнө турат деген 100 пайыз ишеним барбы?

- Кол салбайбыз деп убада беришкени жакшы иш болду. Бирок, аларга толук ишениш кыйын. Ошон үчүн кандай болгон күндө дагы Афганистан менен чек араны тынбай чыңдаш керек.

- Талибандарга да тынчтык керекпи? Же алар ислам дининен кеп салып, афганистандын ар кайсы районду басып алууну уланта бергенди туура корушобу? «Талибан» кыймылына да тынчтык керекпи же алар согушууну жумуш, өнөр катары көрүшөбү?

- Өмүр бою иштебеген, кесиби жок, согушканды гана жакшы билген, көпчүлүгү сабатсыз, ислам дини боюнча чала түшүнүгү бар топтон эмнени күтсө болот. Булар да жакшы жашагысы келет. Кантип, кайсы жол менен? Көнүп калган жолу менен кетет го деп ойлоймун. Бири-бир менен согушат же коңшу алсызыраак өлкө менен согушушу мүмкүн.

- Талибдердин Памирдеги кыргыздарга дагы залакасы тийип калышы мүмкүнбү?

- Кыргыздар качпашы керек. Сүйлөшүп, күч топтшу керек. Башка жол жок. Ошондой эле биздин бийлик «талибандарга» айтыш керек, кыргыздарга тийбе деп.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости