www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жумушчу сапардын жүрүшүндө Улукбек Марипов селдин кесепеттерин жоюуга байланыштуу иштердин жүрүшү жана бир катар инфраструктура объектилеринин абалы менен таанышып, табийгат кырсыгынан жабыркаган райондордун тургундары менен жолугушту.

Ошондой эле Министрлер Кабинетинин башчысы Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында 2021-жылдын 28-30-апрелиндеги окуялардын натыйжасында жабыркаган турак-жайларды жана социалдык объектилерди калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Белгилей кетсек, Сузак районунда селдин кесепетинен 446 үй жабыркаган, анын ичинен 118 турак үй толугу менен суу алдында калган. ӨКМдин комиссиясынын чечимине ылайык, 46 турак үй жашоого жараксыз деп табылып, тазалоо жана келтирилген зыяндарды аныктоо иштери уланууда.

Эске салсак, 20-июлда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда болгон селден алты жаштагы кыз каза болгон. 19-июлда Баткен облусунда сел жүрүп, Лейлекте 16 жаштагы өспүрүмдүн өмүрүн алган. 12-июлда Жалал-Абад облусунун Аксы районунда да сегиз кишини сел агызып кеткен. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости