Улукбек Кыдырбаев: "Ишкерлер соттон адилеттүүлүктү күтө албайт"
Коом  |   |  1147

Ишкерлер соттон адилеттүүлүктү күтө албайт. Мындай пикирди экономист Улукбек Кыдырбаев билдирди. 

--"Ишкерлерди текшерүү маселеси. Албетте, бардык ишкерлер таза иштейт деп айта албайм. Бирок, таза иштебегендердин арасына жакшыларды кошпоо үчүн, кайсы аракеттерди кылсак болот, ошону ойлонуу керек. Мисалы, былтыр жана мурдагы жылы соттордун 90% чечими ишкерлерге каршы болду. Бул жерде ишкерлер соттон адилеттик күтө албайт. Мындан сырткары жаңы иш ачуу үчүн ишкерлерге оор шарттар түзүлгөн.

Жарандын жашоосун кыйындаткан процедуралар киргизилген. Мындай кыйынчылыктар жарандарды паракорчулукка түртөт. Ошондуктан өкмөт реформа жасайм десе, бул ишкерлерге багытталган иш болсо, анда негизги маселелерди ишкерлерден суроо керек", - дейт экономист. 

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями