www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Келтирилген чыгымдарга үрөндү кошуп эсептеп, Тажикстандан төлөп бер деп талап кылышыбыз керек», - деди бүгүн, 19-сентябрда, NazarNews маалымат агенттигине Баткендин биринчи губернатору Мамат Айбалаев.
- Мамат агай, чек арабызды басып кирген баскынчылардан жоокерлерибиз мекенибизди коргой алдыбы?
- Биздин жоокерлер, офицерлер азаматтар. Бир сутканын ичинде тажик армиясы танкасы, БТРи, вертолёту, минемету менен басып алган кыргыз айылдарынан кууп чыкканга жетишишти. Өкүнүчтүүсү, алардын куралдарынан үйлөр, мектептер жана башка обьектер талкаланып, жараксыз болуп калды. Бул кармаш жоготуу менен коштолду. Мөндүрдөй жааган октон чырактай жаш өмүрлөр кыйылды. Мекенди коргоп жатып, алган жаратынан көз жумган баатырларыбыз болду. Тажиктердин огунан каза 15 жаштагы жаш кызыбыз да каза болду.
Эми келтирилген чыгымдарга үрөндү (жоготулгандарды) кошуп эсептеп, канча миллион, миллиард сом же доллар депжыйынтык чыгарып, Тажикстандан төлөп бер деп талап кылышыбыз керек. Ага былтыркы чыгымын да кошуш керек. Кыскасы, он бешинчи кылымда жашаган, мамлекеттик ишмер Макиевеллинин «тынч жашагың келсе согушка даярдан» деген сөзүн унутпашыбыз керек.
Булак: NazarNews.kg