www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткенде үзгүлтүксүз медициналык жардам көрсөтүү максатында ар кандай профилдеги 16 медициналык бригадасы иштеп жатат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги брифингде саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова билдирди.
Анын айтымында, алар жогорку квалификациялуу дарыгерлерден түзүлдү.
“Бригадага хирургдар, нейрохирургдар, нейротравматологдор, травматологдор, көкүрөк-көңдөй хирургдары жана кан-тамыр хирургдары кирди. Мындан башка дагы медициналык бригадалардан резервдер түзүлүп, зарылчылык жаралган учурда Кадамжай, Сүлүктү жана Айдаркенге жөнөтүүгө даяр турат”, - деди министр.
Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө Баткен облусунда 39 тез жардам унаасы менен 44 тез жардам бригадасы иштеп жатат.
Эскерте кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан жалпы 163 адам жабыркап, алардын 144ү Баткен, Бишкек жана Ош шаарларындагы ооруканаларга жаткырылып, 20сы амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.
Булак: NazarNews.kg