www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын госпиталдык хирургия кафедрасынын профессору, Улуттук илимдер академиясынын академиги, профессор Мамбет Мамакеев II даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды.

Мамлекеттик сыйлыкты 2-апрелде президент Садыр Жапаров тапшырды.

Мамлекеттик сыйлыкттар жалпы 125 адамга берилди. Алардын арасында саламаттык сактоонун, эл агартуунун, илим-билимдин, айыл-чарбасынын, спорт тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрү бар.

Мамбет Мамакеев 1927-жылы 1-октябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылында туулган. Иш тажрыйбасында 30 миңдей операция жасаган.

Медицина илимдеринин доктору Мамакеев дүйнөдө эң узак иштеген хирург катары Гиннестин рекорддор китебине катталган.

Ал Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктаган. СССР убагында Жогорку Советтин депутаты, эгемендик жылдарында Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Кыргыз Республикасынын Баатыры.

Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда 31-август - Эгемендик күнүнө карата «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» жарлыкка кол койгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости