www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) 1-апрелде билдирүү таратып, польшалык журналист Агнешка Пикулицканы өткөн жумада сабалган блогер Миразиз Базаровдун окуясы боюнча Twitter'де туура эмес маалымат таратууга айыптады.

«Сиздердин көңүлүңүздөрдү эл аралык «Аль Жазира» басылмасынын кабарчысы Агнешка Пикулицкага (Agnieszka Pikulicka) бургубуз келет. Ал Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинде аккредитациядан өтүп, биздин өлкөдө 2021-жылдын фервралынан бери иштеп жатат. Журналист 29-мартта Мирзазиз Базаровдун айланасында болгон окуяны өзүнүн «Твиттер» баракчасында туура эмес чагылдырууда», – деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Мекеме журналисттин бир нече билдирүүсүн жарыялап, аны укук коргоо органдарын дискредитациялоого айыптоодо.

Агнешка Пикулицка Twitter баракчасында милиция бөлүмүндө ЛБГТ коомчулугу жөнүндө маалымат алуу үчүн активисттерге жана блогер Миразиз Базаровдун досторуна басым көрсөтүлүп жатканын жазган.

«Атайын кызматтар азыр активдүү түрдө гейлерди издеп жатышат. Кишилерге гей катары шектелгендердин сүрөтүн көрсөтүп, ЛБГТ коомчулугу жөнүндө маалымат чогултууда... Бул жаңы Өзбекстан», – деп жазган журналист.

28-мартта Ташкенттин Амир-Темур көчөсүндө жапон анимеси жана корей поп-музыкасынын сүйүүчүлөрү үчүн кезектеги иш-чараны өткөрүүгө камданып жаткан блогер Миразиз Базаровду белгисиз бирөөлөр токмоктоп кетишкен. Дарыгерлердин айтымында, блогердин ички органдары жабыркап, сол буту сынып, мээси чайкалган.

Буга чейин Миразиз Базаров Telegram каналында Өзбекстандын Кылмыш кодексинен «Гомосексуализм» беренесин алып салууга чакырган. Ошондой эле, ал президент Шавкат Мирзиёевди сындап, бийликти коррупцияга айыптап, ачык-айкындуулук камсыз болмоюнча Өзбекстанга насыя берүүнү токтотууга чакырып, Азия өнүктүрүү банкы менен Эл аралык валюта фондуна кайрылган.

Кийин анын жана апасынын үйүндө тинтүү жүрүп, достору суракка чакыртылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости