www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамбетжунус Абылов бүгүнкү саясый кырдаал боюнча NazarNews.kg маалымат агенттигине пикирин билдирди.
--3-апрелде жергиликтүү сайттардын бири “Атамбаевчи, Текебаевчи, Бекназаровчу күчтөр С.Жээнбековду “шантажга” алып, Бабановдун ресурстарын ага каршы колдонгусу келип жатат” деген маалымат таратты.
Анын эртеси эле күнү Р.Отунбаева да жөн жатпай Ө.Текебаев менен Р.Матраимов боюнча С.Жээнбековго дооматын “Азаттыктан” жарыялады. Мындай шайкеш маалыматтар биздин өлкөдө опурталдуу делген март, апрель айларында чыгып жаткандыктан, биздин коомдо күбүр-шыбыр сөздөр көбөйүп кетти.
Сөзүмдү Роза айымдан баштайын. Ал былтыр Президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Текебаевге ырайым берүүнү өтүнгөн. Роза айымды колдоп ал өтүнүчкө парламенттеги бардык фракция лидерлери да кол коюп беришкен. Аларга жооп катары Сооронбай Жээнбеков өзүнүн басма сөз жыйынында Текебаевди түрмөдөн бошотуу маселесине кийлигише албай тургандыгын, бирок өзү кайрылса мыйзам боюнча ага ырайым берүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин ачык айткан.
Кечээ Роза Отунбаева «Азаттыкта» сүйлөп жатып «мен бул позиция боюнча Президент С. Жээнбековду такыр түшүнбөй койдум. Текебаевдин камакта отурганын ал өзүнө «менчиктештирип» алды деп Роза айым С. Жээнбековду катуу күнөөлөдү. Роза айымдын айткандарынын чын же жалган экенин тескеп коюш керек.
Мыйзам боюнча мөөнөтүнөн мурда камактан бошотуунун бизде эки эле жолу бар. Биринчиси - ырайым кылуу. Бул Президенттин гана укугу. Муну ишке ашырыш үчүн камактагы адам күнөөсүн мойнуна алганын билдирип, өзүнө ырайым берүү тууралуу Президентке кагаз жүзүндө кайрылыш керек. Экинчиси – амнистия жарыялоо. Бул парламенттин гана укугу. Муну ишке ашырыш үчүн саясый куугунтукка кабылгандарга амнистия жарыялоо боюнча парламент атайын мыйзам кабыл алыш керек. Президент ага кол койоор замат, саясый туткундар эркиндикке чыгат. Текебаев да, парламент да муну жасашкан жок. Ушуну билип туруп Роза айымдын С. Жээнбековго жалган жалаа жаапканы, биздин өлкөдө саясый оюндун кайра жанганын эле кабарлайт. Буга кабатыр деле болбош керек. Себеби саясый оюндар биздин өлкөдө болуп келген, боло да бермекчи.
Бирок бүгүнкү саясый оюндун дирижеру Бабанов экени түшүнүү керек. Себеби ал «барайын десем ит үрөт, барбайын десем ич күйөт» деген акыбалга кептелип турат. Тобокелге салып өлкөгө келейин десе ал камалышы мүмкүн, келбей турса - саясаттан четтеп калды. Атамбаев менен Текебаевдин саясый тагдыры биздин өлкөдө бүгүн бүдөмүккө кабылып турганда, белгилеп койуш керек, Бабановдун кайтып келишин каалаган саясатчылар көбөйүүдө.
Ошондуктан “Бабановдун күнөөсү жок, ал өлкөгө келиш керек” деген пикирди алардын көптөрү биздин коомго ачык таңуулап жатышса, ал эми Роза айымга окшогондору, Текебаевди жактамыш болуп, С.Жээнбековго сес көрсөткөнгө өтүштү. Себеби “С.Жээнбековду бийликке көтөрүп жаңылыпмын”, деп 17 - марта элден кечирим сурап, эми «катамды оңдойм» деп Атамбаевдин элге убадасын биздин коомчулук «мен Жээнбековду тактан кулатам» дегендей кабыл алды.
С.Жээнбековго каршы күрөштө Атамбаев таяна турган өлкөдө күч жок экенин Бабанов жакшы билет. Ошондуктан Роза апчесин С.Жээнбековго каршы Бабанов соодалашуу үчүн эле тукурду. Сооданын мазмуну - «Бабановду камасаң Атамбаевти колдоого мажбурбуз». Муну түшүнбөгөн «пенделер» Бабанов менен Атамбаев кошулуп кетсе биз четте калып калбайлы деп Москвага чейин учуп барып, Бабановго жан дос экенин билдирип да жиберишти. Ушундай кырдаалда биз дагы бийликке каршы үн чыгарып койбойлубу?, дегендер да жок эмес. Адамдын эс тутуму кыска болот тура. Бийликке тил тапканга чейин алар Бабановго керек экенин, тил тапкандан кийин алардын Бабановго кереги жок болуп калаарын алар бүгүн унутуп калышты.
Соодалашуу үчүн жалган жалаа жаап коркутуу мусулманчылыкта «арам» делсе, саясатта «шантаж» делет. “Шантажга” тизе бүккөн бийликтин эртеңи кыска болот. Ошондуктан “шантажга” алаксыбай, орустар айткандай «делай, что можешь, пусть будет, что будет» деген принципти карманып, мыйзамды туу тукан бийликти эч ким жаманатты да кыла албайт, сындыра да албайт, деген пикирин ачыкка мамлекеттик жана коомдук ишмер Мамбетжунус Абылов.
Булак: NazarNews.kg