www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ары карап ыйлап, бери карап күлүп «госсекретарь» дайындалды. «Госсекретарь», финансы министри президенттин агаларынын шыбагасына буюрду, ал эми УКМКны Акаевдин «доссекретары» Мисир Ашыркулов сыяктуу дос эзип жатат. Ормон да мамлекет түзгөндө инилери Шамен, Жантайга «госсекретарь», финансы министрлигин берсе, дагы бир иниси Төрөгелдиге УКМКнын «эки тизгин, бир чылбырын» карматкан. Айырмасы ал инилерин көтөрчү, азыр агалар жана достор көтөрүлүп баратат. Акаевдин «госсекретары» катары Осмонакун Ибраимовдун элеси жаркырай түшөт, кийин Адахан Мадумаров да болсо керек. Ал бир тууган агасы депутат Абыт Ибраимов менен жерлерди шимирип, Акаевге туура эмес маалыматтарды бергенге жараган жок. Ошол мамкатчынын айынан Акаев Москвада жүрөт.

Кыргызстандын мурунку үч президентинин ысымына байланыштуу кылмыш иштер бардыгын «доссекретарь» тактады: «Тиешелүү адамдарды кармайбыз. Тергөөнүн негизинде мына Курманбек Бакиевге иш козголду. Алмазбек Атамбаевге мына козгоп жатабыз. Аскар Акаевге издөө жарыяладык. Пока Сооронбай Жээнбековго эч нерсе жок. Эгерде Жээнбековго бир нерсе чыга турган болсо, аны дагы камайбыз» -деди.

Маалымат жыйын учурунда журналист Акылбек Жапаров «Кумтөр» боюнча 2009-жылкы келишимдин автору экенин өзү тастыктаганын айтып, «ал да суракка чакырылабы?» деп сурады. «Кумтөр» боюнча түзүлгөн келишимдерде экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровдун колу жок болуп чыкты. Демек Акылбек Жапаров «Кумтөр» боюнча криссталдай таптаза экен. «Доссекретардын» айтцымында: «Автор экенин билбейм, бирок келишимдерде колу жок болуп чыкты. Тергөөдө анын катыштыгы азырынча аныкталган жок. Эгер ал коррупциялык иштерге барган болсо жоопко тартабыз. Керек болсо камайбыз. Эгер күнөөсү болсо Акылбек Жапаровду да аяп отурбайбыз», — деди. Ошондой эле ал «Кумтөр» иши боюнча баары ээлеген кызматына карабай жоопко тартыларын кошумчалады.

«Доссекретарь» маалымат жыйынын өткөзүп жатып эмне үчүн чет өлкөдөн дарыланып жатканы тууралуу түшүндүрмө берди: «Азыр ден-соолугум жакшы. Эл арасында эмне үчүн Ташиев чет өлкөдө дарыланат деп айтып жатышат. Ушундай ооруга туш келип операция кылуу үчүн чет өлкөдө болуш керек болуп калды. Бул жактагы дарыгерлер башка өлкөгө барып дарыланганга сунуш беришти. Биринчи жолу февраль айында баргам. Андан кийин эки айдан кийин кайрадан текшерүүдөн өтүшүм керек болчу. Шартка байланыштуу 5 айдан кийин бардым. Азыр ден-соолугум жакшы. Кичине энергия толуп маалымат жыйын берип жатам. Алардын сунушу боюнча 6 айдан кийин барам, анан кетип калды дебегиле». Энергиясы толуп күч-кубатка келген «доссекретарь» сөз учугун ушундан баштады.

Биз эч кандай революциясыз кетебиз. Бул тууралуу «доссекретарь» өзүнүн жеке пикирин эл менен тааныштырды: “Эч кандай революция деген болбойт. Азыркы учурда биз, биздин бийлик, элдик бийлик революцияга жол бербейт. Мындан ары бизге эч кандай революциянын кереги жок. Эң жакшысы өзүбүз революциясы жок эле кетебиз. Ошондуктан урматтуу саясатчылар! Ар бир айткан сөздөрүңүздөргө жооп берип калышыңыздар мүмкүн. Учурдан пайдаланган өтө көп радикулдуу адамдар бар. Кээ бир саясатчылар бийликти эңсеп ага жетиш үчүн ар түрдүү сөздөрдү айтып коёт. Ошол сөздөр менен башка адамдар колдонуп кетиши мүмкүн. Ошол боюнча ойлонуп акылга келишибиз керек. Эгерде мамлекетке зыян келтирген болсо, саясатчы болобу дагы кайсыл мамлекеттик ишмер болобу аны сөзсүз жоопко тартабыз”, - деди, бир гана туура эмес жери элдик революция жасаганбыз деген Алмазбек Атамбаев арты булганып камакта отурат.

УКМК курамынан АКС жоюлуп, төрага «доссекретардын» маанайы түшүп, колундагы “рычагын” алдырып жибергенине капа болгонун укканбыз. Көп өтпөй Европага дарыланганы кетип, орто жерден бийликтеги интригандарга да жакпай калыптыр. “Эл катары Кыргызстандан эле дарыланбайбы? Акчаны басып, чет өлкөлөп саякаттай береби? Ушунуку эле жыргал!” дегендер ачык айта алышпаса да өз ара күмпүңдөшүп, күйгүлтүккө түшкөндөрү жашыруун эмес. Дагы бир бүйүр кызыткан кепти ортого салалы. “Көлдүктөрдүн аксакалдар кеңешине” «доссекретарь» кокого сайылган кылкандай сезилип, “саясый жаназасы” окулары алдыртан айтыла баштаганы эмнеси? Айтор, колу-буту тушалган «доссекретарь» деле көпкө узабай, бийлик короосунан сүрүлөрү жакындап калган сыягындай...

«Доссекретарь» анча-мынча депутаттардан, анча-мынча «чиништерден» коркпойт эмеспи, бирок «доссекретарды» жүрөгү тоо кайсы кайсы депутат коркутуп жатат? Коомду радикалдаштыруунун жана адамдарды деструктивдик аракеттерге чакыруунун кажети жок «доссекретардын» пикиринде: «Жогорку Кеңеште бир депутат ар дайым коркутуп-үркүтөт. «Орхан Инанды үчүн сен жооп бересиң» дейт. Баарыбыз жооп беребиз, ошондой эле мыйзамдарды бузган чакыруулар үчүн сиз да жооп бересиз. Ошондуктан, билдирүүлөрүңүздө этият болуңуз», - деди «доссекретарь». «Доссекретарь» парламенттин депутатынын атын жана фамилиясын айткан жок.

Журналисттер тарабынан "Орхан Инандынын уурдалышы боюнча депутаттардын биринин байланышы бар экени айтылды. Бул маалыматтын канчалык чындыгы бар" деген суроо берилди. «Доссекретарь» : "Мен антип ойлобойм. Бизде кимдердин тиешеси бар экени боюнча маалымат бар. Бирок биздин өлкөдөгү кызматтагы адамдардын, уюмдардын тиешеси жок", - деди.

Орхан Инанды ушул жылдын 1-июнунан бери дайынсыз болуп жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Орхан Инанды атайын операциянын негизинде колго түшүрүлүп, Түркияга жеткирилгенин кабарланган. 6-июлда президенттин тапшырмасы менен Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Доганга Орхан Инандыны кайтарып берүү боюнча нота тапшырган.

Эң олуттуу жагдай, Орхан Инандыны Түркиянын атайын кызматтары Кыргызстандан уурдап кетишкени эки достун ортосуна чоң суроо жаратууда. Купуя сыр бир күнү ачыкталабы? Бул жоболоңдуу ишти президент билбей калганбы? Орхан Инанды сырты жалтырак ичи калтырак турбайбы. Бул тууралуу «доссекретарь» маалымат жыйынында билдирди. «Доссекретардын» айтуусунда: "Кыргыз менен Орхан Инандыны салыштырбагыла. Эгерде Кыргызстандын жараны болуп туруп уурдалып кеткен болсо анда биз мыйзам чегинде чараларды көрмөкбүз.

Орхан Инанды 2 паспорт менен жүргөн. Сырты жалтырак ичинен калтырак дейт кыргызда. Дал ошондой болуп жатат. Сыртынан ал кыргыздын жараны деп ичинен Түркиянын паспортун көтөрүп жүргөн. Ал кандайдыр бир жагдай өзгөрүп кетсе кайра кетип калам деген максатта өздөрүнүн жумуштарын аткарып жүргөн. Биз Кыргызстандын жарандыгын алуунун мыйзамдуулугун текшердик, тергөө жүрүп жатат. Бүгүн мен бардык маалыматты бир бөлүмдө чогултуш үчүн,бул ишти Ички иштер министрлигине өткөрүп берүүнү чечтим. Ал аталган паспортту ар дайым, айрыкча Батыш өлкөлөрүнө саякаттап жүргөндө колдонгон. Анын кош жарандыгы болгон: ал биздин паспортту дагы, түрк жаранынын дагы паспортун колдонгон. Бул жерде ал мыйзамды бузган. Эгер ал ушул жерде болсо, биз аны кылмыш жоопкерчилигине тартмакпыз», - деди «доссекретарь».

Орхан Инандынын Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуудагы мыйзамдууук жөнүндө күбөлүк бар. Кылмыш иши 2019-жылы эле ачылган. «Доссекретардын» айтымында, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы 2019-жылдын 13-сентябрында Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу боюнча 320 беренесиндеги 2 бөлүм (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш ишин иликтөөдө. Орхан Инандыда 2024-жылга чейин күчүндө турган Түркиянын паспорту бар экендиги жөнүндө маалыматты бар.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости