www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин пресс-конференцияда бийликке жалаа жаап, коомдо тескери пикир жаратуучуларга карата сүйлөгөн сөзүн бурмалап, «бөйрөктөн шыйрак чыгарып» жатышканы аша чапкандык. Чычалай турган нерсе жок. Ачуу чындык ошондой ачуу болот. Реалдуу жашоонун чындыгы ошондой болсо, эмнеге чычалап, күйүп-бышып, туура сүйлөнгөн сөздү жиликтеп, бурмалап жатышат. Таң каласың. Демократия, сөз эркиндиги деген мазмун, «Эмнени айтсам, жазсам боло берет» - дегендикке жатпайт.

Бул тек гана бейбаштык, ээн ооздук. Камчыбек Кыдыршаевичтин айткан сөзүн түз мааниде кабыл алыш керек. УКМКнын жетекчиси катары туура айтты. Ар бир катардагы жаран жөнүндө сөз болгон жок. Сөз чындыкты бурмалаган, бийликтин жасаган ишин тескери көрсөтүп, коомдо туура эмес пикир жараткан, бийликтин жасаган аракеттерине каршы ар кандай жалаалар, ойго келбеген божомолдорду ойлоп чыгып, жакшылыктан, ийгиликтен жамандык издеген, эл бузар, журт бузар, ээн ооз, бейбаш, бузукуларга багытталды. Бийлик талашып, бийликке жетпей калган топтордун тролдору, жугундукорлоруна арналды.

Бийликти жек көрсөтүүгө аракет жасаган ММКлар, журналисттер, блогерлер, айрым жарандык активисттер, Батыштан каржыланган НПО, НКОлорго арналды. Өзгөчө Батыштын ырын ырдаган куру кыйкырык, популист, көбүртүп, жабыртып сүйлөгөн, мамлекеттин микрофонун, трибунасын жекече өч алуу, жекече кызыкчылыкка пайдаланып, өзүн пиар жасаган Жогорку Кеңештин айрым депутаттарына арнады. Сыртта мигрантмын деп жүрүп, тынч жүрбөй, «мага жете албайт» - дегендей оозуна киргенди сүйлөп, түз эфир жасап кайрылуу кылып, билдирүү тараткан кимдир бирөөнүн чабармандарына арналды. Өзгөчө фейкттер жөнүндө айтты. Камчыбек Кыдыршаевич мурда эле айтыш керек болчу. Бир топ кеч калды. Сын-сунуш айтса болот.

Азыркы бийликке асылууга,баа берүүгө эрте. Эл ишенип берген бийликти иштеп, ишеничти акташ үчүн, эл өзү колдоп туруш керек. Президентти тең тушундай шылдыңдап, «Садыр эле Садыр» «эй Садыр» деген тарбиясы жок баканооздорго мыйзамдуу баа берилсин. Конституциялык сөз эркиндик укугун билгендер ошол эле мезгилде жарандык милдетин билсин. Демократия, сөз эркиндиги деп 30 жылда бейбаш болуп бүттүк. 10-январда элибиз өз тандоосун жасап, шайлоодо үнүн билдирип, Президенттик башкарууну тандады.

Садыр Жапаровго мыйзамдуу жол менен шайлоого катышкан элибиздин көпчүлүгү өз ишенимин берди. Президент кылып шайлады. Элдин ишенимин Президент Садыр Жапаров кабыл алды. Элге ант берди. Элибиз жаңы Конституцияны кабыл алып берди. Мамлекеттин жоопкерчилиги бир адамдын колуна өттү. Эки тизгин, бир чылбыр кылып президенттик жана аткаруу бийлигинин жоопкерчилигин колуна алды.

Андыктан, Кудайдын буйругу, элдин колдоосу менен Садыр Жапаров бийлик башына келди. Анча-мынча кадрдык катачылыктырды эсепке албаганда өз командасын түздү. Ишенимди аткаруу, Садыр Жапаров бийлик башында турганы менен бир киши. Министрлер кабинетинин башчысы баш болуп, Камчыбек Ташиев сыяктуу бардык Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, Президенттик аппарат, губернаторлор, акимдер, мэрлер, айыл өкмөттөр, жалпы тармактык жетекчилерде биринчи темирдей тартип, ишине болгон жоопкерчилик, жыйынтык үчүн аракеттерди жасап иштемейинче элдин ишенимин актоо кыйын.

Анткени жекече жоопкерчилик деген нерсе Конституцияда так, даана көрсөтүлгөн. Ошондуктан 30 жылдан берки ээн-ооздук, бей-баштык, ушакчылык, жок жерден караламай, жалаа жапмай деген оюндарды, оюнчулар токтотуш керек.

Булак: Sayasat.kg

Последние новости