www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекетке өткөн «Баткен-Комфорт» базары сатылды

2024-жылдын январь айында акцияларынын контролдук пакети (64,38 пайызы) мамлекетке өткөн «Баткен-Комфорт» базары аукциондо сатылды. Бул тууралуу маалыматты  Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги ырастап, бирок кенен маалымат берүүдөн баш тартты.

Белгилей кетсек, соода жайы май айында аукционго коюлуп, 29-майга белгиленген сатык өтпөй калган. Ага катышууга бир гана жаран арыз берген. Агенттик июнда кайра сатууга чыгарган. Базар (баштапкы баа) 422 миллион 775 миң сомго бааланган.

Айрым маалыматтарга караганда, «Баткен-Комфортту» мурдагы ээлери кайра сатып алышкан.

Белгилей кетсек, базар жыл башына чейин толугу менен мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге жана анын бир туугандарына таандык болуп келген. Мамлекетке өтпөй калган 35,62 пайызы Аскарбек Шадиевдин аялы Асел Шадиевага катталгандыгы кабарланган.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости