www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик байланыш агенттигинин мурдагы жетекчиси мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдөгү материалдык зыян келтирди деп шектелүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 1-февралында Аскер прокуратурасы тарабынан Мамлекеттик байланыш агенттигинин мурдагы жетекчиси "Ч.Б." Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгүндө ("Коррупция") каралган кылмышка шектелип кармалып, Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Аталган жетекчи мамлекеттик жогорку кызмат орундарды ээлеген аткаминерлер жана коммерциялык уюмдун өкүлдөрү менен кылмыштуу сүйлөшүүгө барып, өзүнө жана башкаларга мыйзамсыз материалдык пайда табуу максатында, ыйгарым укуктарын мамлекеттик кызматтын кызыкчылыгына каршы пайдаланып, 2016-жылдын декабрь айында байланыш операторуна телекоммуникация жана мааалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү үчүн радиожыштык спектрин пайдалануу укугуна лицензияны берип жиберген.
Ошол эле учурда, ушундай эле радиожыштык спектри 298 млн 803 миң сомду түзүп сатылгандыгына карабастан жогорудагы берилген лицензиянын баасы болгону 1000 сомду түзүп, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдөгү материалдык зыян келтирилген.
Учурда аталган ишке тиешеси бар башка жагдайларды аныктоо боюнча тийиштүү тергөө аракеттери улантылууда.
Булак: NazarNews.kg