www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы убакта Кыргызстанда дин өкүлдөрү мамлекеттик мүнөздөгү иш-чараларга көбүрөөк аралаша баштады. Мисалы, муфтияттын кызматкерлери, аалым делгендер түрмөлөргө жана аскерлер кызмат өтөгөн казармаларга чейин барышып динден дават айтып, жол коопсуздугу боюнча рейддерге кошулуп, айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү айрымдар тарабынан жакшы ниет катары кабыл алынса, экинчи тараптан бул көрүнүш мамлекеттин светтик принциптерине байланыштуу суроолорду жаратууда.

Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, Кыргызстан — светтик мамлекет. Бул дин мамлекеттен бөлүнгөнүн, мамлекеттик башкаруу жана мыйзамдар диний эрежелерге эмес, жалпы жарандык укуктук принциптерге таянышы керектигин билдирет. Мамлекет бардык диндерге жана ишенимдерге бирдей мамиле кылууга милдеттүү.

Албетте, адам өмүрүн сактоо, жол коопсуздугун камсыз кылуу сыяктуу маселелер жалпы коом үчүн маанилүү. Диний уюмдардын коомдук пайдалуу иштерге катышуусуна тыюу салынбайт. Бирок маселе — алардын мамлекеттик функцияларга аралашып жатканында. Эгер мамлекеттик органдардын милдетин диний түзүмдөр аткара баштаса, бул светтик башкаруунун негизги принциптерине шек келтириши мүмкүн.

Мындай көрүнүш бара-бара кадимки көрүнүшкө айланып, коомдо «мамлекеттик иш менен диний иштин айырмасы жок» деген түшүнүктү пайда кылышы ыктымал. Бул болсо көп конфессиялуу коомдо тең укуктуулук маселесин жаратып, башка диний агымдардын жана динге ишенбеген жарандардын укуктарына байланыштуу суроолорду күчөтөт.

Кыргызстанда мусулмандар гана эмес, башка дин өкүлдөрү жана ар кандай дүйнөтаанымдагы адамдар жашайт. Ошондуктан мамлекеттик институттар бардык жарандар үчүн бирдей аралыкта турушу керек. Эгер бир диний уюм мамлекеттик иш-чараларга туруктуу катыша баштаса, анда башка диний жана ишеним топторуна карата да ошол эле мүмкүнчүлүк берилеби деген мыйзамдуу суроо жаралат.

Тарых көрсөткөндөй, дин мамлекеттик бийлик менен өтө тыгыз аралашкан коомдордо кийинчерээк эркиндик, мыйзам үстөмдүгү жана жарандардын тең укуктуулугу боюнча көйгөйлөр жаралышы мүмкүн. Дин коомдун моралдык баалуулуктарына таасир бере алат, бирок мамлекеттик башкаруунун ордун ээлебеши керек.

Кыргызстан үчүн эң маанилүү нерсе — Конституциядагы светтик принципти сактоо. Диний баалуулуктарды урматтоо менен бирге мамлекеттик чечимдерди мыйзам, илимий негиз жана бардык жарандардын кызыкчылыгы аркылуу кабыл алуу зарыл. Болбосо бүгүн майда көрүнгөн көрүнүштөр эртең мамлекеттик башкаруунун багытына таасир эткен олуттуу маселеге айланышы мүмкүн.

Светтик мамлекеттин күчү — динге каршы болууда эмес, тескерисинче, бардык диндерге жана ишенимдерге тең мамиле жасап, мамлекеттик бийликти бир гана укуктук негизде жүргүзүүдө.

Последние новости