www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
11–12-сентябрда Бишкек шаарында Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы тарабынан «Коопсуз жана татыктуу эмгек: кызматкерлердин өмүрүн, ден соолугун жана эмгектик укуктарын коргоодо кесиптик союздардын ролу» аттуу конференция өттү.
Иш-чарага Федерациянын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу, Эл аралык эмгек уюмунун Кыргызстандагы өкүлү, мамлекеттик органдардын, иш берүүчүлөрдүн жана кесиптик бирликтердин өкүлдөрү, ошондой эле Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Грузия жана Азербайжандан келген эксперттер катышты.
Конференцияда эмгекти коргоо, кызматкерлердин ден соолугун жана эмгектик укуктарын камсыз кылуу, өндүрүштүк тобокелдиктердин алдын алуу жана социалдык диалогду өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Конференцияны ачууда Мурадил Джумадилде уулу коопсуз эмгек шарттары ар бир кызматкердин негизги укугу экенин белгиледи. Анын айтымында, кесиптик бирликтер өндүрүштөгү кырсыктарга реакция кылуу менен гана чектелбестен, тобокелдиктерди алдын ала аныктоого жана кесиптик оорулардын алдын алууга багытталган системаны түзүүгө көмөктөшүшү керек.
Эки күндүк иш-чаранын алкагында катышуучулар аталган өлкөлөрдүн тажрыйбалары менен алмашып, Кыргызстанда колдонууга мүмкүн болгон натыйжалуу ыкмаларды талкуулашты.