www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 11-сентябрында Кыргызстандын Корея Республикасындагы жаңы дайындалган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мэлис Мамадалиев Кореянын тышкы иштер министринин орун басары Канг Сан Укка ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды.
Жолугушууда Канг Сан Ук элчини жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, дипломатиялык ишмердигине ийгиликтерди каалады.
Ошондой эле Корея тарап элчинин дипломатиялык милдеттерин аткаруусуна зарыл болгон көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Тараптар Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулап, саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы байланыштарды мындан ары кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүнө токтолушту.
Өз кезегинде Мэлис Мамадалиев эки өлкөнүн достук мамилелерин чыңдоого жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө бардык күч-аракетин жумшай турганын билдирди.