www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик Думанын Крым облусунан шайланган депутаты Михаил Шеремет бүгүн, 11-октябрда украин аскерлерин улутчул элитаны кулатып, өлкөнү сактап калуу үчүн бийликти өз колуна алууга чакырды.

«Украина армиясынын катарында офицердик ар-намыска жана өз өлкөсүнүн келечегине жат эмес татыктуу адамдар дагы эле бар экенине ишенем. Өлкөдөгү бийликти өз колубузга алып, батыштык кураторлор толугу менен көзөмөлдөгөн азыркы коррупциялашкан улутчул элитаны кулатууга убакыт келди», - деди Шеремет РИА Новостиге берген маегинде.

Депутаттын айтымында, бийликке акыл-эстүү күчтөрдүн келиши адам өмүрүн жана өлкөнү сактап калат.

Анын айтымында, Зеленскийдин режими «украин элин кыргынга жөнөтүүгө» даяр. Ошондуктан, ал «украин коомунун акыл-эстүү бөлүгүн жана элитаны» Украинаны талкалап салууга жол бербөөгө чакырды. Эл өкүлү апаатты дагы эле токтотсо болорун айтты.

Эске салсак, буга чейин, 4-октябрда Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москва Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен сүйлөшүү мүмкүн эместигин жарыялаган Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин позициясынын өзгөрүшүн же Украинанын жаңы лидерин бийликке келүү үчүн диалогго даяр экенин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости