www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Володин: «Киев режими террористтик режимге айланды»

Украин бийлигинин аракеттери Киев режимин террористтик кылууда, деп билдирди Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин. Бул тууралуу ал 11-октябрда өзүнүн Telegram-каналына жазды.

«Киев режими террористтик режимге айланды. Атомдук электр станцияларынын маанилүү инфраструктурасын - Запорожье менен Курскты үзгүлтүксүз аткылоо, Украина менен Россиянын аймагында коомдук ишмерлердин өлтүрүлүшү, Крым көпүрөсүндөгү диверсия. Зеленскийдин иш-аракеттери анын нацисттик саясатынын барымтасында калган украин элинин азап чегишине алып келди», - деди ал.

Володин ошондой эле, Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин аракеттери аны эл аралык террористтер менен бир катарга койгонун кошумчалады.

«Украинанын президенти террордук чабуулдарды жасоого буйрук берип, Усама бин Ладен жана башка эл аралык террористтер менен бир катарда турду. Зеленскийдин режимин колдогон батыш саясатчылары терроризмге демөөрчүлүк кылууда. Ушуга байланыштуу мен бүткүл дүйнөгө белгилүү болгон эрежени эске салгым келет: террористтер менен сүйлөшүүгө болбойт», - деп баса белгиледи Мамлекеттик Думанын төрагасы.

Эске салсак, буга чейин 8-октябрда Крым көпүрөсүнүн унаа бөлүгүндө жүк ташуучу унаа Таман жарым аралы тараптан жардырылып кеткен. Анын кесепетинен темир жол поездинин жети май куюучу цистернасы күйүп кеткен. Орусиянын Тергөө комитетинин алдын ала маалыматы боюнча, окуянын кесепетинен үч адам каза болгон. Бул факты боюнча «Терроризм» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости