www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов мамлекеттик тил саясатын ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты.

Ал Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жана ага караштуу мекемелердин жетекчилери менен жолугушуп, кыргыз тилин окутуу, тил билүү деңгээлин баалоо, терминологияны өнүктүрүү жана котормолордун сапатын жогорулатуу маселелерин талкуулады.

Мындан тышкары, Улан Маматканов «Кыргызтест» мекемесинин тестирлөө борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Маалыматка ылайык, тиешелүү токтом кабыл алынгандан кийин мамлекеттик тил боюнча тест тапшырууга болгон суроо-талап өскөн.

Ушуга байланыштуу тестирлөөнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана борбордун материалдык-техникалык базасын чыңдоо сунушталды.

Жыйынтыгында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кыргыз тилин иш жүзүндө колдонуу деңгээлин жогорулатуу, тил үйрөтүүнүн практикалык ыкмаларын кеңейтүү жана терминологиялык-котормо иштеринин сапатын жакшыртуу боюнча чараларды күчөтүү тапшырылды.

Последние новости