www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Манкурт"- деген сөз менен "майкурт" деген сөздүн келип чыгышы тууралуу жазуучу Чолпонбек Абыкеев билдирди.
--Мындан бир нече жыл илгери бир гезитке макала жибербейминби. Макалада "Манкурт"- деген сөз бар болчу. Макала чыккандан кийин карасам эле "манкуртум", "майкурт" болуп калыптыр. Гезитке чалсам көрсө корректор кыз "Манкурт деген сөз жок. Кейпи майкурт болсо керек"- деп оңдоп коюптур. Ошентип ошол кыз мага "майкурт"- деген жаңы сөз таап берген. Бүгүн бийликте жаңылануу башталды. Көп жылдардан бери ар кандай мамлекеттик кызматтарда иштешип бирок жыйынтык бербеген. Керек болсо мамлекетибиздин бүгүнкү абалга түшүп калышына салым кошкон "майкурттар" бар. Жаңы бийлик ошолордон чечкиндүүлүк менен тазаланмайын иши оңолбойт. Ар кандай саясий топтордун кызыкчылыгы үчүн эмес мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн чечкиндүү саясий чечимдерди кабыл алуу керек. Коом ушуну талап кылууда. Убакыт тар. Эл бүгүн такыр башкача. 4 жаштагы тили жаңы чыккан балдар да акыл үйрөтткөн заман. Бүгүнкү бийликке эл ашса 1.5 жыл убакыт берет. Майнап чыкпаса өздөрү эле кете берүүлөрү керек. Ошондуктан кылчактаганга болбойт, - дейт жазуучу.
Булак: NazarNews.kg