www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министринин мурдагы орун басары, Асановдун бөгөт чарасы 28-январда каралып, 26-мартка чейин камакка алынды. Жыйынтыгында Асанов Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын №1 тергөө абагында кармала турганы айтылган.

Курсан Асановго 2020-жылдын 5-9-октябрындагы Бишкектеги массалык башаламандыкка байланыштуу кылмыш иши козголуп, 10-октябрда эки айга камакка алынып, 4-ноябрда кайра үй камагына чыгарылган. Тилекке каршы, генерал Курсан Асанов Жазык кодексинин 245-беренесинин 1-пункту («Имаратты жана мекемени басып алуу») боюнча айыпталып, кайрадан 26-январда кармалган.

Асанов, президенттикке талапкер болуп, бийликке чабуулду ыкчам баштаган. Көп өтпөй шайлоонун жана референдумдун жыйынтыгына макул эмес экенин айтып чыккан эле.

Баса, ишенимдүү булактар Курсан Асанов, октябрдагы окуядан пайдаланып УКМКга төрага болуп бара калып, тилекке каршы кесиптештери тарабынан тебилген Өмүрбек Субаналиевге каршы көрсөтмө бере баштагандыгын билдирди. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости