www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Скай Мобайл» («Билайн» деген бренд менен таанылган-ред.) компаниясынын мурдагы директору Евгений Кражан Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») боюнча шек саналып кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Азаттык билдирди. 

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. Башкы көзөмөл органынын маалыматына ылайык, ал «Скай Мобайлды» башкарып турганда радио жыштыкты пайдалануу үчүн берилген лицензияны кайра каттоо ишинде өкмөттүн кызмат адамдарына акчалай пара берген деп шек саналууда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Аскер прокуратурасынын ведомстволор аралык тергөө тобу ишти иликтеп жатат.

Аскер прокуратурасы ушул эле кылмыш иши боюнча 1-февралда Мамлекеттик байланыш агенттигинин мурдагы жетекчисин (Ч.Б.) «Коррупция» беренесине шектүү катары кармады. Ачык маалыматтарга караганда байланыш агенттигин 2016-жылы Чынгыз Бекташов башкарып турган.

Эске сала кетсек, бир нече саат мурун Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы, 2021-жылдын 1-февралында Аскер прокуратурасы тарабынан Мамлекеттик байланыш агенттигинин мурдагы жетекчиси Ч.Б. Жазык кодексинин 319-бер. 1-б. (коррупция) каралган кылмышка шектелип кармалып, Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Аталган жетекчи мамлекеттик жогорку кызмат орундарды ээлеген аткаминерлер жана коммерциялык уюмдун өкүлдөрү менен кылмыштуу сүйлөшүүгө барып, өзүнө жана башкаларга мыйзамсыз материалдык пайда табуу максатында, ыйгарым укуктарын мамлекеттик кызматтын кызыкчылыгына каршы пайдаланып, 2016-жылдын декабрь айында байланыш операторуна телекоммуникация жана мааалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү үчүн радиожыштык спектрин пайдалануу укугуна лицензияны берип жиберген.

Ошол эле учурда, ушундай эле радиожыштык спектри 298 млн. 803 миң сомду түзүп сатылгандыгына карабастан жогорудагы берилген лицензиянын баасы болгону 1000 сомду түзүп, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдөгү материалдык зыян келтирилген. Учурда аталган ишке тиешеси бар башка жагдайларды аныктоо боюнча тийиштүү тергөө аракеттери улантылууда, деп кабарлаган эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости